Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 июня 2018 года № 291 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-20.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 15-апрели № 194 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомдун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу базарын андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясы;
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган министрликтер жана администрациялык ведомстволор:
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө аткарууну камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-январына чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы мониторинг жүргүзсүн жана жыл сайын, 5-февралга чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-июлундагы № 474 "2003-2010-жылдарда Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 16-апрелинде № 29 жарыяланды
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 194 токтому менен бекитилген
2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомдун редакциясына ылайык)
| № | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жоопкер аткаруучу- лар | Эскертүү |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Кооптуу жүктөрдү ташуучунун, жүргүнчүлөрдүн алдындагы ташуучунун, кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштеткен уюмдардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды бышыктап иштеп чыгуу максатында, бул мыйзамдарга тартылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо, камсыздандыруу эрежесине тиешелүү жаңы беренелерди киргизүү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун киргизүү | 2013-жыл | Мамфинкөзө- мөл | Бул долбоор Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-апрелинде- ги № 154-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан иштелип чыккан |
| 2 | Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына шайкеш келтирүү жагында "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдоо | 2013-жыл | Мамфинкөзө- мөл, КР Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция- лар боюнча кеңештин катчылыгы жана Эл аралык ишкерлер кеңеши менен бирге | КР Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 2012-жылдын 16-октябрын- дагы отурумунун № 16-83 протоколуна ылайык |
3
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрация-лык жоопкерчилик жөнүндө кодекси)
2016- жылдын II кварталы
Финкөзөмөл, кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Милдеттүү камсыздандыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө ченемдердин белгилениши максатында жана кооптуу жүктөрдү ташуучунун, ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы, кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын, эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдардын камсыздандыруу-чуулар жана камсыздандыруу уюмдары тарабынан аткарылышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү
| 4 | (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) |
5
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларын (жоопкерчилик лимиттерин) кайра кароо
2016- жылдын II кварталы
Финкөзөмөл, кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ
6
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын жана камсыздандыруу брокеринин уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн жогорулатуу
2016- жылдын I кварталы
Финкөзөмөл
7
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү (ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы, кооптуу жүктөрдү ташуучунун, кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын, эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар)
2016- жылдын III кварталы
Финкөзөмөл
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун, ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы, кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын, эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды Граждандык кодекске жана Эмгек кодексине шайкеш келтирүү максатында
| 8 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу жана киргизүү: 1) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | 2013-жыл | Мамфинкөзө- мөл | |
|---|---|---|---|---|
| 2) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 3) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 4) "Өрт чыкканда капиталдык курулуштардын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоору тууралуу" | 2013-жыл | ӨКМ | ||
| 5) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 6) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 7) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 8) "Кызматтык милдеттерин аткарууда укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" | 2016- жылдын IV кварта- лы | ИИМ | ||
| 9) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 10) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 11) "Кызматтык милдеттерин аткарууда калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында иштеген куткаруучуларды жана башка ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлерин кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоору тууралуу" | 2016- жылдын II кварталы | ӨКМ | ||
| 12) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 13) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 14) "Нотариустардын кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоору тууралуу" | 2016- жылдын IV кварталы | Юстмин | ||
| 15) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 16) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 17) "Аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоору тууралуу" | 2016- жылдын IV кварталы | Мамфинкөзө- мөл | ||
| 18) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 19) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 20) "Туроператорлордун жана турагенттердин кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоору тууралуу" | 2016-жыл | МТМ | ||
| 21) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 22) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 23) "Риэлторлордун кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоору тууралуу" | 2016- 2017- жылдар | МКК | ||
| 24) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 25) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 26) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 27) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 28) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) | ||||
| 9 | (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-ноябры № 796 токтомуна ылайык кγчγн жоготту) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Концепция развития страхового рынка в Кыргызской Республике на 2003-2010 годы (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 31 июля 2003 года № 474)Концепция · 31.07.2003
- Постановление Правительства КР от 31 июля 2003 года №474 " Об утверждении Концепции развитии страхового рынка в Кыргызской Республике на 2003-2010 годы"Постановление · 31.07.2003 · № 474
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 194 токтому менен бекитилген)Концепция · 15.04.2013 · № 194 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 796 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 194 “2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында…Постановление · 23.11.2015 · № 796 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 31 июля 2003 года №474 " Об утверждении Концепции развитии страхового рынка в Кыргызской Республике на 2003-2010 годы"Постановление · 31.07.2003 · № 474
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 796 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 194 “2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында…Постановление · 23.11.2015 · № 796 · Күчүн жоготкон