# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15964/edition/1108290/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94310

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 15-апрели № 192 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-мартындагы № 69 "Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына 95898}, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-октябрындагы № 688 "Кувейт мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин түзүү жөнүндө" токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 249 "Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

1-пунктундагы "359" жана "212" цифралары тиешелүү түрдө "371" жана "224" цифраларына алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкү позициялар менен толукталсын:

"

```text
┌──────────────┐
│ Кыргыз │
│ Республикасы-│
│ нын Кувейт │
│ мамлекетинде-│
│ ги Элчилиги │
└──────────────┘
┌──────────────┐
│ Кыргыз │
│ Республикасы-│
│ нын Гуанчжоу │
│ шаарындагы │
│ Башкы │
│ консулдугу │
└──────────────┘
```

".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 16-апрелинде № 29 жарыяланды

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
