# 7-статья. Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын жана мекемелеринин комплекси

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/943)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения института пробации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111902)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.04.2019 [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения института пробации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111902); 27.04.2017 [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам охраны и защиты от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111571); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 209 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111489); 28.07.2008 [Закон КР от 28 июля 2008 года № 177 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/943#diff=1109753..1109754>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-898/edition/1109743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/943/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө, 7-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-7

---

Калкты социалдык жактан тейлөө уюмдарынын комплекси милдеттүү минимумдагы уюмдардын тутумунан, социалдык жактан тейлөө уюмдарынын кошумча тармагынан турат. Милдеттүү минимум тутумуна төмөндөгү уюмдар:

а) стационардык:

- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;

- жетим балдар жана ата-эненин багуусунан ажыраган балдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;

б) жарым-жартылай стационардык:

- улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды социалдык жактан тейлөө борборлору (күндүз боло турган бөлүмдөр);

- үйдө социалдык жардам көрсөтүү борборлору;

- балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык башпаана жайлары;

- балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын башка категориялары үчүн социалдык-реабилитациялоо борборлору;

- үй-бүлөгө жана балдарга социалдык жактан жардам көрсөтүү борборлору;

- баш калкалоо жайы (үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн убактылуу туруучу борборлор);

в) стационардык эмес:

- шашылыш түрдө психологиялык жардам көрсөтүү борборлору (ишеним телефону жана д.у.с.);

- социалдык жактан тез жардам (оперативдүү) көрсөтүү кызматтары (кыдырма бригадалар);

- ритуалдык кызмат көрсөтүүлөр агенттиги, адистештирилген сөөк коюу кызматтары.

Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын кошумча тармагына:

- кайрымдуулук ишканалары менен мекемелери (хоспистер);

- түн ичинде боло турган башпаана жайлары;

- калкка психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтүү борборлору;

- консультациялык-алдын алуу борборлору (кризистик борборлор);

- геронтологиялык борборлор;

- жалгыз бой улгайган жарандар үчүн атайын үйлөр;

- ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга жардам берүү борборлору;

- балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жардам берүү борборлору (социалдык адаптация борборлору);

- социалдык мейманканалар;

- (11-абзац КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 209 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- социалдык дүкөндөр, ашканалар, турмуш-тиричилик кызматтарын көрсөтүү борборлору, прокаттык пункттар жана чеберканалар кирет;

- "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде белгиленген реабилитациялык борборлор (социалдык жатаканалар);

- үй-бүлөлүк балдар үйү;

- тобокелдик топтору үчүн социалдык мейманканалар.

Менчигинин түрүнө карабастан социалдык жактан тейлөө уюмдарын түзүүнүн, анын иштешинин, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат. (КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 ? 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-61)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-8)
