# 29-статья. Социалдык кызматтын кызматкерлерине берилген социалдык кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/943)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-898/edition/1109743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/943/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө, 29-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-29

---

Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы кызматкерлерине берилген социалдык кепилдиктер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан алардын ыйгарым укуктарына ылайык аныкталат. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумунда социалдык-медициналык жактан түздөн-түз тейлөөдө иштеген медициналык кызматкерлер мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда социалдык кепилдиктерден пайдаланышат. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы социалдык жактан тейлөө уюмдарынын жашы жете элек балдарды социалдык жактан реабилитациялоону түздөн-түз ишке ашырган кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жетим балдарга, ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга билим берүү мекемелеринин жана жашы жете элек балдар үчүн атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринин педагогикалык кадрлары үчүн социалдык кепилдиктер жайылтылат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик уюмдарында иштеген социалдык кызматкерлер үчүн кошумча жеңилдиктерди белгилей алат. (КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-28)  
Кийинки берене: [291-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-291)
