# 27-статья. Социалдык жактан тейлөөнү финансы жагынан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/943)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-898/edition/1109743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/943/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө, 27-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-27

---

Мамлекетгик менчик болуп эсептелген жана мамлекеттик бийлик органдарынын карамагында болгон социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик уюмдары мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүнүн, кайрымдуулук салымдарынын, төгүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат. Менчиктин башка түрүндөгү социалдык кызматтарды каржылоо алардын уставдарында, болбосо башка уюштуруу документтеринде каралган булактардан жүзөгө ашырылат. Максаттуу атайын фонддордон түшкөн каражаттар, социалдык кызматтар үчүн акы катары түшкөн каражаттар, кайрымдуулук төгүмдөрү менен салымдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарын каржылоонун кошумча булактары болуп саналат.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-28)
