# 26-статья. Социалдык кызматтарга акы төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/943)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-898/edition/1109743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/943/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө, 26-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-26

---

Социалдык кызматтар акысыз, жеңилдик (жарым-жартылай) менен акы алуу жана акы алуу менен жүргүзүлөт. Мамлекеттик социалдык кызматтар тутумунда:

- эгерде ушул жарандардын алган орточо кирешеси кепилденген минималдуу кирешеден төмөн болсо, улгайган курагына, оорусуна, майыптыгына жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептерге байланыштуу өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз болгон жана аларга жардам көрсөтүп бага турган туугандары болбогон жарандарга;

- жетим жана ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга;

(абзац КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- жан башына алынган орточо кирешеси кепилденген минималдуу кирешеден төрт жолку өлчөмүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтар акысыз көрсөтүлөт.

Мамлекеттик социалдык кызматтар тутумунда жарым-жартылай акы төлөнүүчү социалдык жактан тейлөө улгайган курагына, оорусуна, майыптыгына жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн дагы башка себептерге байланыштуу өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз болгон жана жан башына алынган орточо кирешеси кепилденген минималдуу кирешеден көп, бирок белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн ашпаган жарандарга көрсөтүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кошумча негиздер белгилениши мүмкүн, алар боюнча жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен социалдык жактан акысыз тейлөө жүргүзүлөт. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы акы төлөнүүчү социалдык кызматтар жана жарым-жартылай акы төлөнүүчү кызматтар ушул Мыйзамга ылайык калктын ушуларга укугу бар башка категорияларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте көрсөтүлөт. Менчиктин башка түрүндөгү социалдык кызматтарда социалдык кызматтарга акы төлөөнүн шарттары жана тартиби алар тарабынан өз алдынча белгиленет. Башка мыйзамдарга ылайык социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумунда социалдык жактан акысыз тейленүүгө жана жарым-жартылай акы төлөөгө укугу бар адамдарга социалдык кызматтар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте көрсөтүлөт. (КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-27)
