# 241-статья. Социалдык кызматкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/943)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 209 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111489)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/943#diff=1109748..1109749>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-898/edition/1109743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/943/st-241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө, 241-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-241

---

Жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга социалдык кызматкер тарабынан төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- социалдык-турмуш-тиричиликтик кызмат көрсөтүүлөр - башкалардын багуусуна муктаж болгон клиенттерге турмуш-тиричиликте клиенттердин жашоо-турмушун колдоого багытталган социалдык жардам түрүндө;

- социалдык-медициналык кызмат көрсөтүүлөр - тез жардамды жана үй-бүлөлүк дарыгерди үйгө чакыруу жолу менен медициналык жардам, зарыл дарылоого чейинки шашылыш жардам алууга жана клиентти саламаттык сактоо уюмдарына коштоп барууга көмөктөшүү;

- социалдык-психологиялык кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, атайын адистештирилген мекемелерге жана уюмдарга (жарандардын ыктыярдуу макулдугунун шартында) кайрылууга көмөктөшүү, ошондой эле коомго көнүктүрүү үчүн аңгемелешүү, баарлашуу, сөзүн угуу, шыктандыруу, активдүүлүккө кызыктыруу түрүндө психологиялык колдоо;

- социалдык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөр - өзүн өзү тейлөө көндүмдөрүнө, жашоо-тиричиликте жана коомдук жерлердеги жүрүм-турумга, өзүн өзү контролдоого, мамиле түзүүгө көмөктөшүү, ошондой эле социалдык-эмгектик, кесиптик реабилитациялоо менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр жана балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого жардам;

- социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөр - квалификациялык юридикалык жардам үчүн кайрылууга көмөктөшүү (анын ичинде укуктук мүнөздөгү документтерди топтоого жана түзүүгө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жардам).

Социалдык-турмуш-тиричиликтик, социалдык-медициналык, социалдык-психологиялык, социалдык-педагогикалык жана социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби жана уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-24)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-25)
