241-статья. Социалдык кызматкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөр
Күчүндө · 29.11.2021 редакциясы · 3-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 209
Жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга социалдык кызматкер тарабынан төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- социалдык-турмуш-тиричиликтик кызмат көрсөтүүлөр - башкалардын багуусуна муктаж болгон клиенттерге турмуш-тиричиликте клиенттердин жашоо-турмушун колдоого багытталган социалдык жардам түрүндө;
- социалдык-медициналык кызмат көрсөтүүлөр - тез жардамды жана үй-бүлөлүк дарыгерди үйгө чакыруу жолу менен медициналык жардам, зарыл дарылоого чейинки шашылыш жардам алууга жана клиентти саламаттык сактоо уюмдарына коштоп барууга көмөктөшүү;
- социалдык-психологиялык кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, атайын адистештирилген мекемелерге жана уюмдарга (жарандардын ыктыярдуу макулдугунун шартында) кайрылууга көмөктөшүү, ошондой эле коомго көнүктүрүү үчүн аңгемелешүү, баарлашуу, сөзүн угуу, шыктандыруу, активдүүлүккө кызыктыруу түрүндө психологиялык колдоо;
- социалдык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөр - өзүн өзү тейлөө көндүмдөрүнө, жашоо-тиричиликте жана коомдук жерлердеги жүрүм-турумга, өзүн өзү контролдоого, мамиле түзүүгө көмөктөшүү, ошондой эле социалдык-эмгектик, кесиптик реабилитациялоо менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр жана балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого жардам;
- социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөр - квалификациялык юридикалык жардам үчүн кайрылууга көмөктөшүү (анын ичинде укуктук мүнөздөгү документтерди топтоого жана түзүүгө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жардам).
Социалдык-турмуш-тиричиликтик, социалдык-медициналык, социалдык-психологиялык, социалдык-педагогикалык жана социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби жана уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
241-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/943/st-241" title="241-статья - Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>