# 15-статья. Убактылуу башпаана берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/943)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-898/edition/1109743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/943/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө, 15-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-15

---

Социалдык жактан тейлөөнүн адистештирилген уюмунда убактылуу башпаана жетим балдарга, ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга, көзөмөлсүз жана кароосуз калган жашы жете элек балдарга, жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган балдарга, белгилүү бир жашаган жери же иштеген иши жок жарандарга, таяк жеп жана психикалык зомбулуктан, табигый кырсыктардан, этностор аралык чыр-чатактардан жапа чеккен жарандарга жана социалдык кызматтан убактылуу башпаана алууга муктаж болушкан дагы башка клиенттерге берилет. Социалдык жактан тейлөөнүн адистештирилген уюмуна жарандарды кабыл алуунун тартиби ушул уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтер менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-16)
