# 14-статья. Социалдык жактан тейлөө уюмдарында күндүз болуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/943)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2008 года № 177 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/943#diff=1109745..1109746>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-898/edition/1109743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/943/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө, 14-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-14

---

Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын күндүзгү уюмдарында өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жоготпогон жана баскан-турганы тың улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, ошондой эле башка жарандарга, анын ичинде жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга социалдык, турмуш-тиричилик, социалдык-медициналык жана башка жактан тейлөө көрсөтүлөт. Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын күндүз болуучу бөлүмдөрүндө төмөндөгү кызматтар көрсөтүлөт:

- бир жолу берилүүчү тамак-аш уюштуруу;

- күндүзгү тейлөө;

- медициналык тейлөө;

- социалдык коштоо.

Күндүз болуучу бөлүмдөрдө ушул бөлүмдөрдө болгон жарандардын эс алуусун уюштурууга багытталган клубдар түзүлүшү мүмкүн. Социалдык жактан тейлөөнүн жарым стационардык уюмдарында жана мекемелеринде күндүз болуу шарттарында көрсөтүлүүчү социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу социалдык стандарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик эмес уюмдарында жарандардын күндүз болушун уюштуруу ушул уюмдардын социалдык жактан тейлөө уюмдарында жарандардын күндүз болушун уюштуруу жөнүндөгү типтүү жобого карама-каршы келбеген уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-15)
