# 13-статья. Үйдөгү социалдык жактан тейлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/943)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-898/edition/1109743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/943/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө, 13-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-13

---

Карылыгына, оорусуна же майыптыгына байланыштуу өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн толугу менен же жарым-жартылай жоготкон жана социалдык кызматтарды көрсөтүү аркылуу туруктуу же убактылуу стационардык эмес тейлөөгө муктаж болушкан жарандар социалдык жактан үйдө тейленет. Үйдөгү социалдык жактан тейлөөгө:

- тамактандыруу, анын ичинде тамак-аш азыктарын үйгө жеткирип берүү;

- дары-дармек каражаттарын, күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк жана өнөр жай товарларын сатып алууга жардам көрсөтүү;

- медициналык жардам алууга көмөк көрсөтүү, анын ичинде медициналык мекемеге узатып баруу;

- юридикалык жардамдарды жана андан бөлөк укуктук кызматтарды алууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;

- каада-салт кызматтарын уюштурууга көмөк көрсөтүү;

- үйдө көрсөтүлүүчү башка социалдык кызматтар кирет.

Көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги жана тейлөөнүн ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-14)
