# 12-статья. Стационардык уюмдарда социалдык жактан тейлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/943)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-898/edition/1109743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/943/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө, 12-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-12

---

Өзүн өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жарым-жартылай же толугу менен жоготкон жана дайыма башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү жана алардын курагына жана ден соолугунун абалына ылайыктуу жашоо-турмуш шарттарын камсыз кылуу, медициналык, психологиялык, социалдык мүнөздөгү иш-чараларды жүргүзүү, тамактандыруу жана багуу, ошондой эле колунан келген ишке тартууну, эс алуусун жана бош убактысын өткөрүшүн уюштурууну камсыз кылуу аркылуу стационардык уюмдарда (медициналык-социалдык статусу бар) социалдык жактан тейлөө көрсөтүлөт. Стационардык мекемелерде туруктуу же убактылуу негизде жашап турушкан адамдар:

- жашоо-тиричиликтин санитардык-гигиеналык талаптарына жооп берген шарттары менен өздөрүн камсыз кылууга;

- багылууга;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана улгайган жарандар протездик-ортопедиялык, тиш салуу (баалуу металлдардан жана керамикадан жасалган протездерден башка) жагынан акысыз жардам алууга;

- социалдык-медициналык реабилитацияланууга жана социалдык жактан адаптацияланууга;

- өздөрүнө адвокаттын, нотариустун, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн жана дин кызматкерлеринин, ошондой эле ата-энелеринин жана башка адамдардын эркин келип турушуна;

- адистештирилген медициналык жардамга муктаж болгондо биринчи кезекте ооруканага жатууга укуктуу.

Социалдык жактан тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашап турушкан жашы жете элек балдар кошумча түрдө өздөрүнүн жекече жана акыл-эсинин жөндөмдүүлүгүнө ылайык билим алууга жана кесипке үйрөнүүгө укуктуу. Социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарында жашап турушкан адамдар өздөрүнүн ден соолугунун абалына туура келген эмгек терапиясына (эмгектенүүчү чеберканалар, көмөкчү чарбалар) катышышат. Стационардык уюмдарда жашап турушкан адамдардын каалоосу боюнча аларга кошумча түрдө:

- өзүнчө палата берүү;

- кызматтардын кепилдикке алынган минимумуна кирбеген кошумча медициналык кызматтар;

- кызматтардын кепилдикке алынган минимумуна кирбеген ар кандай турмуш-тиричилик ыңгайлуулуктар түрүндөгү акы төлөнүүчү кызматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.

Стационардык социалдык жактан тейлөөдөгү акы төлөнүүчү кошумча кызматтардын тизмеси колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен тиешелүү уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-13)
