Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-статья. Стационардык уюмдарда социалдык жактан тейлөө
Күчүндө · 29.11.2021 редакциясы · 3-Глава
Өзүн өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жарым-жартылай же толугу менен жоготкон жана дайыма башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү жана алардын курагына жана ден соолугунун абалына ылайыктуу жашоо-турмуш шарттарын камсыз кылуу, медициналык, психологиялык, социалдык мүнөздөгү иш-чараларды жүргүзүү, тамактандыруу жана багуу, ошондой эле колунан келген ишке тартууну, эс алуусун жана бош убактысын өткөрүшүн уюштурууну камсыз кылуу аркылуу стационардык уюмдарда (медициналык-социалдык статусу бар) социалдык жактан тейлөө көрсөтүлөт. Стационардык мекемелерде туруктуу же убактылуу негизде жашап турушкан адамдар:
- жашоо-тиричиликтин санитардык-гигиеналык талаптарына жооп берген шарттары менен өздөрүн камсыз кылууга;
- багылууга;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана улгайган жарандар протездик-ортопедиялык, тиш салуу (баалуу металлдардан жана керамикадан жасалган протездерден башка) жагынан акысыз жардам алууга;
- социалдык-медициналык реабилитацияланууга жана социалдык жактан адаптацияланууга;
- өздөрүнө адвокаттын, нотариустун, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн жана дин кызматкерлеринин, ошондой эле ата-энелеринин жана башка адамдардын эркин келип турушуна;
- адистештирилген медициналык жардамга муктаж болгондо биринчи кезекте ооруканага жатууга укуктуу.
Социалдык жактан тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашап турушкан жашы жете элек балдар кошумча түрдө өздөрүнүн жекече жана акыл-эсинин жөндөмдүүлүгүнө ылайык билим алууга жана кесипке үйрөнүүгө укуктуу. Социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарында жашап турушкан адамдар өздөрүнүн ден соолугунун абалына туура келген эмгек терапиясына (эмгектенүүчү чеберканалар, көмөкчү чарбалар) катышышат. Стационардык уюмдарда жашап турушкан адамдардын каалоосу боюнча аларга кошумча түрдө:
- өзүнчө палата берүү;
- кызматтардын кепилдикке алынган минимумуна кирбеген кошумча медициналык кызматтар;
- кызматтардын кепилдикке алынган минимумуна кирбеген ар кандай турмуш-тиричилик ыңгайлуулуктар түрүндөгү акы төлөнүүчү кызматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.
Стационардык социалдык жактан тейлөөдөгү акы төлөнүүчү кошумча кызматтардын тизмеси колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен тиешелүү уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык…Постановление · 28.04.2026 · № 299
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 236 "Социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык…Постановление · 30.05.2019 · № 236 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/943/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>