# 11-статья. Социалдык кызматтардын негизги түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/943)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения института пробации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111902)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.04.2019 [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения института пробации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111902); 28.07.2008 [Закон КР от 28 июля 2008 года № 177 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/943#diff=1109753..1109754>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-898/edition/1109743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/943/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө, 11-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-11

---

Жарандар:

- социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарынан (мындан ары - стационардык уюмдар) социалдык жактан тейленүүгө;

- үйүндө социалдык жактан тейленүүгө;

- социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарынын күндүз боло турган бөлүмдөрүнүн (мындан ары - күндүз болуу бөлүмдөрү) шарттарында социалдык жактан тейленүүгө;

- убактылуу башпаана алууга;

- материалдык жардамга;

- консультациялык жардамга;

- социалдык реабилитацияга, анын ичинде девианттык жүрүш-туруштагы балдар, жумушсуздар, зомбулукка дуушар болгондор, пробация клиенттери;

- социалдык патронажга;

- кайрымдуулук ишканаларынан жана мекемелеринен (хоспистен) социалдык жактан тейленүүгө;

- ата-эненин багуусунан ажыраган балдар социалдык жардамга;

- пенсия жана жөлөкпул менен камсыз болууга;

- ишкердик кылууда колдоо алууга (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана жалгыз бой улгайган жарандар);

- социалдык-турмуш-тиричилик жактан тейленүүгө;

- ата-эненин багуусунан ажыраган жана жетим балдар социалдык жардамга;

- социалдык-психологиялык жактан тейленүүгө;

- психологиялык-педагогикалык жактан тейленүүгө;

- социалдык-медициналык жактан тейленүүгө;

- ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген башка кызматтардан пайдаланууга укуктуу.

Калкка көрсөтүлүүчү кепилдикке алынган социалдык кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана аймактын калкынын муктаждыктарын эске алуу менен кошумча социалдык кызматтардын аймактык тизмесин кабыл алышы мүмкүн. (КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/943/st-12)
