Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 218 «Буудай-Кара-Балта» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 7-майы № 246 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 218 "Буудай-Кара-Балта" ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Дан" мамлекеттик ишканасынын оор экономикалык абалын көңүлгө алып, ага мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 218 "Буудай-Кара-Балта" ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктунда:
жетинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; тогузунчу абзацындагы пайыздарды кошуп эсептөө жана тындыруу карыздык милдеттенме түзүлгөн датадан тартып 2 жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт" деген сөздөр жана цифра алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кошумча макулдашуу түзүү жолу менен 2011-жылдын 28-октябрындагы № 19-05/66 Карыздык милдеттенмеге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. "Дан" мамлекеттик ишканасы 2013-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча оң сальдону камсыз кылсын, кийинки жылдары таза пайданын ар жылкы өсүшү менен ишкананын финансылык-экономикалык абалын жакшыртууну камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Дан" мамлекеттик ишканасы ушул токтомдун 3-пунктуна ылайык финансы-экономикалык абалын жакшыртууну камсыз кыла албаган учурда, ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык түзүлүүчү кошумча макулдашууну бузсун жана кредиттөөнүн шарттарын баштапкы абалга келтирсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.