# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94289>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15945/edition/427505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94289.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (06.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94289

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-майы № 243 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "ушул токтом менен аныкталган" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукцияларга милдеттүү талаптардын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси жана алардын компетенттүүлүк тармактары күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
