Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын гидроэнергетика объекттеринде курулуш жана оңдоо жумуштарын жүргүзүүнүн уюштурулушунөркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-10-13.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-майы № 242 Кыргыз Республикасынын гидроэнергетика объекттеринде курулуш жана оңдоо жумуштарын жүргүзүүнүн уюштурулушунөркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 538 токтомунун редакциясына ылайык) Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, энергетика тармагынын объекттерин күзгү-кышкы мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоо, иштеп жаткан жана курулуп жаткан суу электр станцияларда жана Бишкек, Ош шаарларынын ЖЭБдеринде негизги жабдууларды монтаждоо, жөнгө салуу жана оңдоо боюнча жумуштарды өз убагында жана сапаттуу аткаруу, мамлекеттин катышы бар, адистештирилген жумуштарды аткаруудагы көп жылдык тажрыйбасы бар ата мекендик компаниялардын потенциалын жана жогорку квалификациялуу персоналын натыйжалуу пайдалануу максатында, ошондой эле "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 538 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган талап "Электр станциялары" ачык акционердик коому (мындан ары - ААК) жана "Чакан ГЭС" ААК тапшырыкчылары болгон жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендерлерге "Нарынадисгидроэнергомонтаж" жана "Нарынгидроэнергокурулуш" ААК катышкан учурларда тиркелген тизмеге ылайык аларга карата колдонулбастыгы белгиленсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 242 токтомуна тиркеме
"Нарынадисгидроэнергомонтаж" жана
"Нарынгидроэнергокурулуш" ачык акционердик
коомдорунун катышуусу үчүн "Электр станциялары"
жана "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомдору
тендерлик негизде сатып алуучу жумуштардын жана
кызмат көрсөтүүлөрдүн
ТИЗМЕГИ
1. "Нарынадисгидроэнергомонтаж" ачык акционердик коому үчүн:
- негизги жана көмөкчү жабдуулардын гидроагрегаттарын куроо жана оңдоо;
- көпүрө жана текче крандарды монтаждоо, оңдоо жана сыноо;
- суу өткөргүчтөрдү монтаждоо жана оңдоо;
- затворлорду жана гидроцилиндрлерди монтаждоо жана оңдоо;
- компрессордук түзүлүштөрдү монтаждоо жана оңдоо;
- насостук түзүлүштөрдү монтаждоо жана оңдоо;
- отказан агрегаттардын жана турбоагрегаттардын КӨПжА (контролдоочу-өлчөөчү приборлор жана автоматика) системасын монтаждоо жана оңдоо;
- отказан агрегаттардын электр чыпкаларынын тулкуларын монтаждоо жана оңдоо;
- отказан агрегаттардын аба ысыткычтарын монтаждоо жана оңдоо;
- отказан агрегаттардын чаң өткөзгүчтөрүн монтаждоо жана оңдоо;
- газ чыгаргычтарды монтаждоо жана оңдоо;
- турбоагрегаттарды жана көмөкчү жабдууларды монтаждоо жана оңдоо;
- турбогенераторлорду жана көмөкчү жабдууларды монтаждоо жана оңдоо;
- бардык типтеги электр кыймылдаткычтарды монтаждоо жана оңдоо;
- төмөнкү жана ортоңку басымдагы өткөргүч түтүктөрдү монтаждоо жана оңдоо;
- металл конструкцияларды монтаждоо жана оңдоо.
2. "Нарынгидроэнергокурулуш" ачык акционердик коому үчүн:
- суу электр станцияларды куруу;
- гидротехникалык, энергетикалык курулушта жалпы курулуш жана атайын монтаждоо иштерин жүргүзүү;
- коомдун багытына ылайык долбоорлоп жөнгө салуучу жана технологиялык иштерди аткаруу;
- транспорттук-экспедициялык жана башка иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү;
- бардык деңгээлдердеги жер жумуштары;
- имараттардын тирөөчү жана тосуучу конструкцияларын куруу;
- монолит бетон жана темир бетон конструкцияларды орнотуу жана жасоо;
- курама бетон жана темир бетон конструкцияларды монтаждоо.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын гидроэнергетика объекттеринде курулуш жана…Постановление · 13.10.2016 · № 538 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон