# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майы № 232 КР "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майы № 232 КР "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 232
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15943/edition/425061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майы № 232 КР "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтому (03.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94284

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 3-майы № 232 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 89-беренесине ылайык, мыйзам менен келишпестиги бар жашы жете электердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Примьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
