Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 3-майы № 231 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин уюштуруучулук түзүмүн оптималдаштыруу, байланышты жөнгө салуу органынын ишин өркүндөтүү, Ысык-Көл жана Ош облустарынын аймагында байланыш жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын контролдоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жободо:
7-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "- монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен монополист-ишканалардын электр жана почта байланыш кызматтарына тарифтерди бекитет;"; 18-пунктундагы "18-пунктунун" деген сөз жана цифралар "17-пунктунун" деген сөзгө жана цифраларга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:
- региондор аралык аймактык башкармалыктарды өзгөртүп түзүүнү аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин борбордук аппаратына бириктирүү жолу менен, Ош шаарына жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарына, аталган аймактык башкармалыктардын мурда карамагында болгон объекттердеги жумуш орундарына жайгаштыруу менен ишке ашырсын;
- үч айдын ичинде:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин; бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 124
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 124
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 402 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 402
Шилтеме берет (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 124
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон