# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15940/edition/939727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94281

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 3-майы № 228 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүнүн 5-пунктунун "о" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

| о) өтүнүчтөрдөн: - Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу тууралуу (этностук кыргыздар, качкындар жана жер которгондордон сырткары); качкындар жана аргасыз жер которгон адамдар үчүн; этностук кыргыздар, Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган аял жынысындагы чет мамлекеттик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн; - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу; | эсептик көрсөткүчтүн жыйырма эсе өлчөмүндө эсептик көрсөткүчтүн бир эсе өлчөмүндө эсептик көрсөткүчтүн нөлдүк өлчөмүндө эсептик көрсөткүчтүн жыйырма эсе өлчөмүндө |
| --- | --- |

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
