Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 июня 2017 года № 386 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-06-19.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-марты № 123 Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө Текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү жана атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, элди иш менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы;
- Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Министрликтер жана ведомстволор квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчет берип турсун.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата
ПРОГРАММАСЫ
1. Жалпы жоболор
2. ТжТӨнү өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасынын негизги максаттары
3. ТжТӨнү өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата артыкчылыктуу милдеттери жана багыттары
4. Программанын иш-чараларын каржылоо булактары
5. Программанын иш-чараларын ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар
1. Жалпы жоболор
Текстиль жана тигүү өндүрүшү (мындан ары - ТжТӨ) иштетүүчү өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарынын бири. Бир катар себептердин негизинде республиканын экономикасында бул тармак стратегиялык ролго ээ. Биринчиден, ТжТӨ кайра иштетүү жагында орчундуу потенциалга ээ жергиликтүү чийки затты пайдаланууга багытталган. Экинчиден, ТжТӨ жумушчу күчкө жеңилдетилген салык салуу тутумун орнотуу жаатында пайдаланылуучу өзгөчө кеңири тармак жана мунун өзү калкты иш менен камсыздайт. Үчүнчүдөн, ички базардын тардыгына жана өзүнүн атаандаштыкка жарактуулугуна байланыштуу ТжТӨ продукциясы экспортко багытталат. Бул жагдайларды эске алуу менен тармактын ишкерлерине ыктыярдуу патенттин жана алгылыктуу ставкалардын негизинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөн, ал тигүү өндүрүшүн жакшыртууга жана Россия менен Казакстандын базарларындагы атаандаштыкта артыкчылыкты сактап калууга мүмкүндүк берди. Акыркы беш жылда ТжТӨ продукциясын өндүрүү тигүү индустриясынын эсебинен дээрлик эки эсе көбөйдү жана тигилген буюмдарды экспорттоо 2,6 эсеге өстү. Расмий маалыматтар боюнча иштин ийкемдүү графигине жана жума сайын төлөнүүчү жакшы эмгек акыга байланыштуу ТжТӨдө 110 миңден ашык адам эмгектенет, алардын көпчүлүгү аялдар. Тармактын атаандаштык позициясын чыңдоо максатында ушул ТжТӨнү өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы иштелип чыкты. Бул Программада текстиль жана тигүү өндүрүштөрүн, баарыдан мурда республиканын региондорунда өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө айрыкча көңүл бурулат, бул жергиликтүү калктын кесиптик деңгээлинин өсүшүнө, ички жана тышкы миграциянын кыскарышына шарт түзөөрү шексиз. Экспортту өнүктүрүүгө, жаңы сатуу базарларын өздөштүрүүгө, тармак үчүн кадрларды даярдоого, ТжТӨ ишканалары менен мамлекеттик органдар ортосунда социалдык диалогду активдештирүүгө, ошондой эле ички базарда ата мекендик товарлардын үлүшүн көбөйтүүгө өзгөчө маани берилет.
2. ТжТӨнү өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата
программасынын негизги максаттары
Бул Программанын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ТжТӨнүн атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу, экспортту диверсификациялоо жана кеңейтүү;
- текстилдик өндүрүштү өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- республиканын региондорунда ТжТӨнү өнүктүрүү;
- ишканалар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы социалдык диалогду жана өнөктөштүктү активдештирүү.
3. ТжТӨнү өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата
артыкчылыктуу милдеттери жана багыттары
1) ТжТӨдө кыргыз товар өндүрүүчүлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси боюнча Бажы союзуна кирген мүчө мамлекеттер менен болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы Бажы союзуна киргенде тигүү өндүрүшү үчүн кездемелердин, фурнитуранын жана башка материалдардын импортуна карата преференциялуу режимди орнотуусу зарыл. Муну менен бирге Бажы союзунун талаптарына ылайык аккредиттелген ТжТӨ продукцияларын сыноо боюнча адистештирилген лаборатория түзүү маанилүү. Өндүрүшчүлөр үчүн Бажы союзунун эл аралык сапат стандарттары, техникалык регламенттери боюнча тренингдерди уюштуруу керек болот. Кыргыз Республикасынын аймагында Бажы союзунун техникалык регламенттерин түздөн-түз колдонуу үчүн техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу боюнча өкмөттөр аралык деңгээлде эл аралык келишимдерди түзүү зарыл. Бажы союзунун курамына кирүү Кыргызстанда тигүү, байпак жана тор кийимдер өндүрүшү үчүн Россиядан жана Беларустан чийки заттын жана материалдардын жаңы базарларын издөө маселесин, ошондой эле бул мамлекеттерге кийим-кечелерди жеткирүү боюнча чоң заказдарды аткаруу маселесин алдыңкы планга алып чыгат.
2) ТжТӨ кызматкерлери үчүн ыктыярдуу патенттик салык салуу системасын жана кабыл алынган социалдык чегерүүлөр тартибин сактоо.
2005-жылы белгиленген бул шарттар ТжТӨдөгү жеке ишкерликтин шарттарында өзүнүн жакшы жактарын көрсөтүп, азыркы мезгилдеги тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн аныктоочу факторунун бири болуп калды. Мындан ары колдонулуучу ченемдерди начарлатуучу өзгөртүүлөрдү болтурбоо маанилүү.
3) Бишкек шаарында же Чүй облусунда тигүү технополисин түзүү.
Тигүү технополистерин уюштуруу үчүн турак жай массивдеринен жер участогун берүү (тиешелүү инфратүзүмү жана коммуникациялары бар автономдуу аймакта тигүү ишканаларын топтоштуруу), бул чоң тапшырыктардын чегинде талап кылынган продукция чыгарууну кеңейтүү максатында өндүрүштүк жайлардын таңкыстыгынын проблемасын чечүүгө мүмкүндүк берет. Ушуну менен бирге эле өнөр жай өндүрүшүн жумушчу кадрлар менен толуктоо маселеси чечилет жана эл көп жайгашкан райондордо элди иш менен камсыздоо ишке ашырылат. Бул иштин ийгилиги кийин региондорго да жайылтылышы мүмкүн, бул эмгекке жарамдуу калктын миграциясынын азайышына жакшы таасирин тийгизүүгө тийиш.
4) ТжТӨгө инвестицияларды тартуу.
Мында өзгөчө ролду көрмөролик жана көркөм тасмаларды, инвестициялык долбоорлордун каталогдорун даярдап жана аларды чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана соода өкүлчүлүктөрүнүн тарамдары аркылуу жайылтууну камтыган кеңири жарнамалык өнөктүк ойноого тийиш. Инвестициялык форумдарды уюштуруу дагы маанилүү. Кытайда токуу өндүрүшү дүркүрөп өнүгүп жатканын жана ата мекендик текстиль тармагынын потенциалын эске алуу менен инвесторлорду тартуу боюнча ишти активдештирүү керек.
5) ТжТӨ долбоорлорун каржылоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу.
Бул жагдайда даяр продукцияны өндүрүүчү аркылуу каржылоо механизмин ишке ашыруу болжолдонот, бул төмөнкүдөй схеманы уюштурууга мүмкүндүк берет: ТжТӨ ишкерлери (тигүүчүлөр, тор кийим тигүүчүлөр, текстилчилер) - айыл чарбалык өндүрүүчүлөр (чийки зат өндүрүүчүлөр). Текстиль жана тигүү өндүрүштөрүндө долбоорлордун ишке ашырылышын коштоочу шаймандардын болуусу, ишкерлерде аз пайыздуу жана узак мөөнөттүү насыя ресурстарын алууга мүмкүнчүлүктү камсыздоо да маанилүү.
6) Текстиль өндүрүшүн жандандыруу.
Ата мекендик текстиль өндүрүшүн өнүктүрүү тигүүчүлөрдүн кездеменин импортуна көз карандылыгын жарым-жартылай болсо да азайтат. Каралып жаткан мезгилде ушул процесс үчүн шарттарды түзүү белгиленүүдө. Келечекте табигый булалардан кездеме чыгаруу жана андан кийим тигүү жаңы сатуу базарларын өздөштүрүүгө, кыргыз кийимдеринин керектөөчүлөрдүн элиталык деңгээлине чыгарылышына мүмкүндүк ачат жана экспорттук жагын диверсификациялайт. Мындан сырткары, бул чектеш тармак болгон айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзөт. Айрым сынамык долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда пахта буласын кайра иштетүү, жибек өндүрүүнү жана уяң жүндүү кой чарбасын калыбына келтирүү схемаларын кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу текстиль өнөр жайын өнүктүрүүгө мүмкүн болмокчу.
7) ТжТӨдө төмөнкү, ортоңку жана жогорку звенодогу кадрлар менен адистерди даярдоо.
Бул багытта ар кыл баскычтагы окуу жайлардын потенциалын күчөтүү талап кылынат. Өзгөчө роль ТжТӨнү кадрдык камсыздоо чөйрөсүндө окуу жайлар менен ишканалардын өз ара байланышта иштешүүсүнө жана координациялоо маселесине берилүүсү керек. Атап айтканда, кыска мөөнөттүү программа боюнча кесиптик-техникалык билим берүү системасында: тигүүчү, бычмачы, токуучу, жабдууларды оңдоочу адистиктери боюнча билим алуучулардын санын көбөйтүү, ошондой эле иштеп жаткан кесиптик лицейлер менен өндүрүштөрдүн базасында окуу-өндүрүштүк комплекстерди түзүү мүмкүндүгүн караштыруу зарыл. Россиянын, Беларустун жана Түркиянын ЖОЖдоруна окууга жиберилүүчү студенттердин санын көбөйтүү максатка ылайык.
8) Республиканын региондорунда ТжТӨнү өнүктүрүү.
Бир эле мезгилде ресурсту жана эмгекти көп талап кылуу менен ТжТӨлор бир гана экономикалык эмес, социалдык маселелерди чечүүгө да натыйжалуу таасир этүүдө. Ошол себептүү инвестицияларды тартуу, төмөнкү жана ортоңку звенодогу кадрларды окутуу боюнча курстарды өткөрүү, лизингди актуалдаштыруу, жаңы технологиялар, кийимди конструкциялоо, менеджмент, сатууларды уюштуруу, моданын жана дизайндын келечектүү багыттары боюнча тренингдерди уюштуруу мүмкүндүгүн камсыз кылуучу тигүү жабдууларынын корун түзүү, иш-чараларынын комплексин ишке ашыруу аркылуу региондордо бул тармакты өнүктүрүүгө көңүл бурулушу керек.
9) Республикада кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү.
Азыркы учурда улуттук кийимдин элементтерин, тиричилик буюмдарын, анын ичинде жерге салынуучу жана дубалга тагылуучу кийиз жасалгаларды, ТжТӨ чөйрөсүнө тийешелүү жүн жана кебез жиптерди жасоочу кол өнөрчүлүк өндүрүшкө тыкыр көңүл буруу зарыл. Эксперттик баага ылайык бул өңдүү буюмдарды чыгаруу жылдан-жылга көбөйүп жатат. Бул сегментке иштиктүү колдоо көрсөтүп жана иштин ушул багытынын өнүгүүсүнө көмөктөшүү зарылдыгы бышып жетилди, бул аларды ТжТӨ чөйрөсүнө кошуунун максатка ылайыктыгын шарттайт.
10) Базар субъекттеринин ортосундагы социалдык диалогду жана өнөктөштүктү активдештирүү.
Коомдук бирикмелерди жана товар өндүрүүчүлөр уюмдарын тартуу менен иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү саясаты маселелерин тейлеген мамлекеттик органдын калкасы алдында туруктуу иштеген диалогдук аянтча түзүү сунуш кылынат. Ал ТжТӨдөгү көйгөйлөрдү ыкчам талкуулоого жана тармактагы иштин бардык тармактарына тиешелүү чечимдерди чыгарууга, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.
4. Программанын иш-чараларын каржылоо булактары
Программанын иш-чараларын негизинен донор уюмдардын: GIZ (Германия эл аралык кызматташтык агенттиги), ITC (ЭСБ - Швейцария Өкмөтүнүн каражатынын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруучу Эл аралык соода борбору), USAID, BUS программалары (АӨБ) каражаттарынын эсебинен каржылоо күтүлүүдө. Ошондой эле ТжТӨдө иштеген ишкерлердин өздөрү тикелей катышуусу да күтүлүүдө. Донорлор тарабынан Программанын иш-чараларын каржылоонун кезектеги жылга карата көлөмү бардык кызыкдар тараптардын ой-пикирин эске алуу менен талкуулардын негизинде аныкталат. Практикалык жардам көрсөтүү үчүн консультанттарды тартуу иши дагы донордук каражаттардын эсебинен болот.
5. Программанын иш-чараларын ишке ашыруудан
күтүлгөн натыйжалар
| № | Көрсөткүчтөр ├────────┬────────┬────────┤ | Болжолдуу маанилери 2013-жыл | 2014-жыл | 2015-жыл |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө ТжТӨ продукциясынын салыштырма салмагын арттыруу (% менен) | 5,2 | 6,5 | 8,7 |
| 2 | ТжТӨ продукцияларын чыгарууну көбөйтүү (физикалык көлөмдүн индекси % менен) | 110,1 | 118,4 | 125 |
| 3 | ТжТӨ продукцияларынын экспортун көбөйтүү (% менен) | 115 | 119 | 134 |
| 4 | ТжТӨдөгү жаңы долбоорлордун эсебинен жаңы иш орундарды түзүү (бирдик менен) | 2900 | 13000 | 5700 |
Программаны ишке ашыруу максатында ТжТӨнү мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүү караштырылган Иш-чаралар планы иштелип чыкты. Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун жүрүшүндө ТжТӨлөрдө продукция чыгаруунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган орто жана чакан ишканаларды активдүү өнүктүрүү күтүлүүдө. Мисалы, ТжТӨлөрдө продукция өндүрүү көлөмүнүн өсүшү 2015-жылы 43,5 пайызды түзөт, ал эми тигүү продукциясын экспорттоонун көлөмү 60 пайызга өсөт. Тигүү технополисин уюштуруунун эсебинен 2015-жылы экспорт көлөмү орчундуу көбөйөөрү күтүлүүдө. Кошумча иш орундарды ачуу кыйла маанилүү көрсөткүч болмокчу. Үч жыл ичинде 21 миңден ашык иш орун түзүлөт. 2014-жылы Чүй облусунда (Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык аймагында) жана Ош шаарында (окуу-өндүрүштүк комплекс) тигүү технополистерин уюштуруунун эсебинен жаңы иш орундарды ачуу пландаштырылууда. Тигүү өндүрүшүн уюштуруу үчүн автономдуу аймактарды (тигүү технополистери, окуу-өндүрүштүк комплекстер), ошондой эле экспорттук-өнөр жайлык аймактарды түзүү тигүү цехтеринин өндүрүштүк кубаттуулугунун абалын олуттуу жакшыртат, экспорт үчүн чоң тапшырыктарды аткаруу мүмкүндүгүн кеңейтет, жаңы технологияларды тартат, тигүү индустриясындагы субъекттердин да, ошондой эле жалпысынан өлкөнүн бюджетинин да финансылык абалын жакшыртат, региондордун өнүгүүсүнө дем берет. Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун маанилүү натыйжасынын бири ата мекендик эксперттердин жана кызыкдар тараптардын ТжТӨнүн Бажы союзунун чегинде иштеши үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштери болмокчу. Сыноо лабораторияларын уюштуруу (модернизациялоо) ТжТӨ продукциясынын сапатын жакшыртууга, атаандаштык деңгээлин жогорулатууга, эл аралык стандарттарды киргизүүгө жана сатуу базарын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Ата мекендик текстиль өндүрүшүн калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт, текстиль өндүрүшүн калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, региондордо тигүү ишканаларын жайгаштыруу, инвестицияларды тартуу жана жаңы иш орундарды ачуу инвестицияларды тартууга шарттарды түзүүнү караштырган тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыгат. Окутуу, тренингдерди өткөрүү, технологиялар жана өндүрүштүн жаңы, алдыңкы усулдары боюнча билим алуу, тажрыйба алмашуу, жарманкелерге, көргөзмөлөргө, кийим моделдеринин көрсөтмөлөрүнө катышуу ж.б. ишкерлердин квалификациясын жана билимин жогорулатууга, аларды базарды диверсификациялоого, өз продукциясынын экспортун көбөйтүүгө, саркеч кийим-кечелерди тигүүгө шыктандырат. Жалпысынан Программанын чегинде ишке ашырылуучу иш-чаралар экономиканын социалдык-тиричиликтик, өндүрүштүк, билим берүүчү багыттарын жакшыртууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча
ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнө- тү | Жооптуу аткаруу- чулар | Өнөктөш уюмдар (макулдашуу боюнча) | Күтүлгөн натыйжалар |
|---|---|---|---|---|---|
| ТжТӨнүн атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу, диверсификациялоо жана экспортту кеңейтүү | |||||
| 1 | Чүй облусунда технополис уюштуруу | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ | GIZ, ITC, "Легпром" ассоциация- сы | ТжТӨнүн экспорттук кубаттуулугун кеңейтүү, кошумча иш орундарды ачуу, жаңы технологияларды тартуу, логистиканы өркүндөтүү |
| 2 | ТжТӨ чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоону кеңейтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2013- 2015- жж. | ЭМ, ЭӨМ | "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары, USAID | Инвестиция көлөмүн көбөйтүү, тармакта ишканаларды түзүү жана/же өнүктүрүү |
| 3 | Асыл тукум заводдор (чарбалар) жана жүндү кайра иштетүүчү жана тор кийим ишканалары менен жыл сайын өтүүчү жолугушууларды уюштуруу жана уяң жүн берүү боюнча макулдашууларга (келишимдерге) кол коюу | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ, АЧМ | GIZ, "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары, Кой багуучулар ассоциация- сы, ишкерлер, донорлор | ТжТӨ ишканаларын чийки зат менен туруктуу камсыздоо максатында келишимдерди түзүү |
| 4 | Пахтачылыкта үрөндүк фондду жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2013- ж. | АЧМ, ЭМ, ЭӨМ | Пахта үрөнүнүн жана сырьесунун сапатын жакшыртуу | |
| 5 | ТжТӨ ишкерлери үчүн өндүрүштөгү чийки заттын жана материалдардын ар кыл ассортименти менен таанышуу жана пайдалануу боюнча көргөзмө залдарын уюштуруу | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ | GIZ, USAID "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары | Чийки зат жана материалдар жөнүндө комплекстүү маалыматтарды алуу, чыгарылуучу продукциянын ассортиментин кеңейтүү |
| 6 | Бажы союзуна мүчө болгон шартта ТжТӨ үчүн чийки зат, материал, жип жана фурнитураларды Кыргыз Республикасына импорттоого карата алымдар боюнча кыргыз тараптын сунуштарын иштеп чыгуу | 2013- ж. | ЭӨМ, ЭМ | "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары, ишкерлер | ТжТӨ ишкерлери үчүн алынып келчү чийки зат жана материалдар үчүн ыңгайлуу импорттук алымдарды белгилөө |
| 7 | Эл аралык талаптарга жана шарттарга ылайык сыноочу лабораторияларды уюштурууну каржылоо үчүн донорлорду издөө | 2013- 2014- жж. | ЭМ, ЭӨМ | USAID, GIZ, башка донорлор | Лабораторияны модернизациялоо (уюштуруу) |
| 8 | Сыноочу лабораторияны эл аралык деңгээлде аккредитациялоого даярдоо | 2013- 2015- жж. | ЭМ | GIZ, USAID, ITC, донорлор | Лабораторияны аккредитациялоо |
| 9 | ТжТӨ кызматкерлери үчүн төмөнкүлөр боюнча тренингдерди (түндүк жана түштүк региондордо эки-экиден) өткөрүү: - өндүрүш менеджменти; - сатууну уюштуруу, - продукциянын маркетинги жана жаңы технологиялар; - моданын келечектүү багыттары жана кийимдердин дизайны. | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ | "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары, GIZ, USAID, ITC | Өндүрүштү уюштуруунун, продукцияны сатуунун, атаандаштыкка жарактуулуктун деңгээлин жогорулатуу |
| 10 | Тигүү, байпак жана тор кийимдер ишканалары үчүн чийки зат менен материалдардын жаңы түрлөрүн издөө | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ, ЭМ | "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары, Соода-өнөр жай палатасы | Чийки заттын жаңы түрлөрүн пайдалануу менен продукциянын ассортиментин кеңейтүү |
| 11 | Беларустун жана Россиянын сатып алуучулары тараптан тапшырыктарды алууга даярдыкка изилдөө жүргүзүү | 2013- ж. | ЭӨМ | ITC, "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары | ТжТӨ продукциясын сатуу базарларын кеңейтүү |
| 12 | Беларустун жана Россиянын тапшырыкчылары менен жолугушууларды уюштуруу аркылуу кыргыз ишкерлеринин тигүү боюнча кызматтарын алдыга жылдыруу | 2014- ж. | ЭӨМ | ITC, "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары | Сатуу базарларын кеңейтүү жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү |
| 13 | ИСО 9001 жана 14000 эл аралык стандарттар менен тааныштыруу, ТжТӨ продукциясы үчүн, анын ичинде балдардын буюмдары үчүн БС техникалык регламенттеринин талаптарын окуп үйрөнүү боюнча тренингдерди өткөрүү | 2013- 2014- жж. | ЭӨМ, ЭМ | USAID, ITC | Продукцияны БСнын талаптарына ылайык чыгаруу жана ТжТӨнүн атаандаштыкка жарактуулугун сактоо |
| 14 | Түздөн-түз донорлор менен иштешкен ТжТӨ ишканаларынын санын 40ка жеткирүү | 2013- ж. | ЭӨМ | USAID, GIZ, ITC "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары | Маалымдуулукту кеңейтүү, ТжТӨдө алдыңкы тажрыйбаны жана билимди жайылтуу |
| 15 | Тигүү өндүрүшү боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Беларусь Республикасына, ал эми текстиль өндүрүшү боюнча Түркия менен Өзбекстанга окутуучу турларды уюштуруу | 2013- 2014- жж. | ЭӨМ | GIZ, ITC, "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары | Билим алуу, тажрыйба алмашуу, сатуу базарларын изилдөө |
| 16 | "Швей-Профи" ОБнын тигүү жана тор кийим ишканаларына тренингдик кызматтарды көрсөтүүчү потенциалын күчтөндүрүү: - токуу жабдууларын 7 бирдикке жаңыртуу; - ОБнын тренерлеринин квалификациясын жогорулатуу | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ | GIZ, "Швей-Проф- и" ОБ, USAID, ITC, "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары | ТжТӨ техникалык камсыздык деңгээлин жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу |
| 17 | "Жеңил өнөр жай" ассоциациясынын Россия жана Казакстандагы соода өкүлчүлүктөрүн кеңейтүү, БСга киргенден кийин Минск шаарында (Беларусь) соода өкүлчүлүгүн уюштуруу | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ | "Жеңил өнөр жай" ассоциация- сы | Продукцияларды экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү жана сатуу базарларын кеңейтүү |
| 18 | Жыл сайын "Мода индустриясы. Жабдуулар жана буюмдар" деп аталган эл аралык жарманкелерди уюштуруу | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ | "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары, USAID, GIZ, ITC | Сатуу базарларын кеңейтүү. ТжТӨ ишканаларынын техникалык жабдылышын жакшыртуу. Ишкерлердин маалымдуулугун күчөтүү |
| 19 | Кыргыз ишкерлеринин жыл сайын Москвада өтүүчү россиялык көргөзмө-жарманкелерге жана мода көрсөтүүлөрүнө катышуусу | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ | "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары, USAID, GIZ, ITC | ТжТӨ продукциясын тышкы базарларга чыгаруу |
| 20 | Региондордогу тармактык окуу жайларда бош жумуш орундарынын жарманкелерин өткөрүү | 2013- 2015- жж. | БИМ, ЖЭИКМ алдында- гы КТБ агентти- ги | "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары, USAID, GIZ, ITC | ТжТӨ ишканаларын адистер менен камсыздоо |
| 21 | ТжТӨ кадрларын даярдоону кеңейтүү: - КТБ системасында тигүүчү, токуучу жана механиктер кесиптерине; - улуттук тренерлерди даярдоо, анын ичинде түштүк региондордогу тигүү цехтери үчүн | 2013- 2015- жж. | БИМ, ЖЭИКМ алдында- гы КТБ агентти- ги | "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары | ТжТӨ ишканаларын жумушчу кадрлар менен камсыздоо, кадрларды даярдоо деңгээлин жогорулатуу |
| Текстиль өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | |||||
| 22 | Потенциалдуу инвесторлордун кебез жана жүн өндүрүш чөйрөлөрүндөгү талаптарын изилдөө. Тармактардын бул талаптарга ылайык келүү мүмкүндүктөрүн изилдөө | 2013- ж. | ЭӨМ | ITC | Кебез жана жүн өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу |
| 23 | Жибек өндүрүшүн калыбына келтирүүнүн техникалык-экономикал- ык негиздемеси | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ | Донорлор | Жибек өндүрүшүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн жана этаптарын аныктоо |
| 24 | Экспорттук-өнөр жай аймактары тууралуу Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2013- 2014- жж. | ЭӨМ, ЭМ | USAID, GIZ | ТжТӨнү өнүктүрүү боюнча ЭПАларды түзүү, анын ичинде региондордо түзүү |
| 25 | Текстиль өндүрүшү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышын аларды куруудан баштап пайдаланууга киргизгенге чейин камсыздоо | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ, кызыкдар министр- ликтер жана ведомс- тволор | Жаңы өндүрүштөрдү уюштуруу, кошумча иш орундарды ачуу | |
| 26 | Кол өнөрчүлүктү ТжТӨ чөйрөсүнө киргизүү боюнча негиздеме даярдоо | 2013- ж. | ЭӨМ, ЭМ | Кол өнөрчүлүктү ТжТӨ түзүмүнө киргизүү | |
| Региондордо ТжТӨнү өнүктүрүү | |||||
| 27 | Региондордогу ТжТӨ чөйрөлөрүндө экспорттук-өнөр жай аймактарын түзүү | 2013- ж. | ЭӨМ | "Жеңил өнөр жай" ассоциация- сы, GIZ, USAID | Региондордо ТжТӨнү өнүктүрүү, калкты иш менен камсыздоо, продукция өндүрүүнүн жана экспорттоонун көлөмдөрүн көбөйтүү |
| 28 | Текстиль өндүрүшүнө инвесторлорду тартуу максатында региондордо инвестициялык форумдарды уюштуруу | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ, ЭМ | USAID, "Легпром" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары | Текстиль өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу |
| 29 | Региондордо көчмө тренингдерди уюштуруу: - продукциянын маркетинги, менеджменти, эмгектин сапаты жана өндүрүмдүүлүгү боюнча; - ТжТӨ продукцияларына карата БСнын талаптары боюнча | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ, | USAID, GIZ, ITC, "Жеңил өнөр жай" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары | Өндүрүштү уюштуруунун жана продукциянын сапатынын деңгээлин БС талаптарына ылайык жогорулатуу |
| 30 | Жыл сайын окутуучу программаларды өткөрүү: - тигүүчүлөрдү даярдоо; - тигүү жабдууларынын механиктеринин квалификациясын жогорулатуу; - материал бычуу; - кийимди конструкциялоо; - ишкерлерди коргоонун укуктук маселелери боюнча | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ | USAID, GIZ, ITC | Механиктердин, тигүүчүлөрдүн, конструкторлор- дун квалификациясын жана ишкерлерди коргоонун укуктук маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу |
| 31 | Токуу өндүрүшүн түзүүгө кызыкдар болгон КЭР инвесторлорун издөөгө көмөк көрсөтүү | 2013- ж. | ЭӨМ | Инвестициялар көлөмүн көбөйтүү жана жаңы иш орундарды ачуу | |
| 32 | Кездеме өндүрүүчүлөр менен байланыш түзүү максатында Кычауга (КЭР, Гуанчжоу провинциясы) таанышуу турун уюштуруу | 2013- ж. | ЭӨМ | GIZ, донорлор | Ата мекендик өндүрүшчүлөргө кездемени түз берүү, тажрыйба алмашуу, боюнча келишимдерге жана контракттарга кол коюу |
| 33 | Тигүү жабдууларынын корун уюштуруу | 2013- ж. | ЭӨМ | GIZ, USAID | Ишканалардын техникалык жабдылышын жакшыртуу |
| 34 | Кийимдерди моделдөө, конструкциялоо, дизайны жана лекало чыгаруу боюнча лаборатория түзүү мүмкүндүгүн изилдөө | 2013- 2014- жж. | ЭӨМ | "Жеңил өнөр жай" жана "Союзтекст- иль" ассоциация- лары | Өнүгүп жаткан тигүү өндүрүштөрүнө практикалык жардам көрсөтүү |
Шарттуу белгилер жана кыскартуулар
| ЭӨМ | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги; |
|---|---|
| АЧМ | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги; |
| ЭМ | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
| ЖЭИКМ | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги; |
| КББ | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик техникалык билим берүү агенттиги; |
| ITC | Эл аралык Соода борбору; |
| GIZ | Германия эл аралык кызматташтык коому; |
| USAID | АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги; |
| КЭР | Кытай Эл Республикасы; |
| ТжТӨ | Текстиль жана тигүү өндүрүшү; |
| "Жеңил өнөр жай" ассоциациясы | Жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы; |
| "Союзтекстил" ассоциациясы | Текстиль өнөр жайы ишканаларынын ассоциациясы; |
| БС | Россиянын, Беларустун жана Казакстандын Бажы союзу; |
| ОБ | Окуу борбору; |
| ТЭН | Техникалык-экономикалык негиздеме; |
| ЭӨА | Экспорттук-өнөр жайлык аймактар. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014–жылдын 14-августундагы № 469 токтому…Проект · 14.08.2014 · № 469
- 2013-жылдын 12-апрели № 190 "2014-2016-жылдарда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.04.2013 · № 190
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 426-б (Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган Соода саясатынын…Распоряжение · 23.10.2013 · № 426-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2017 · № 386
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2014-жылга жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2013 · № 408 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата планы жөнүндө" токтомуПостановление · 31.03.2015 · № 174 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө" биргелешкен билдирүүсү" (Кыргыз…Заявление · 28.02.2014 · № 108/53/13 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2017 · № 386