Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдиктерин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-марты № 119 Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдиктерин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык) "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 119 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасын чоңдуктар бирдиктерин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Колдонууга уруксат берилген чоңдуктардын бирдиктери,
алардын аталыштары жана белгилениши
3. Чоңдуктардын бирдиктерин колдонуу эрежелери
4. Чоңдуктар бирдиктерин жазуу эрежелери
1-тиркеме. Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) негизги бирдиктери 2-тиркеме. Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) туунду бирдиктери 3-тиркеме. Чоңдуктардын системадан тышкаркы бирдиктери 4-тиркеме. Чоңдуктардын салыштырма жана логарифмалык бирдиктери 5-тиркеме. Чоңдуктардын эселүү жана үлүштүк бирдиктеринин түзүү үчүн ондук көбөйтүүчүлөр, жалгамалар жана жалгамалардын белгилеништери
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген чоңдуктардын бирдиктерин, алардын аталыштарын жана белгилерин, ошондой эле жазуунун жана колдонуунун эрежелерин белгилейт.
2. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр:
чоңдук - обьекттин, көрүнүштүн же процесстин касиети, ал сапаттык айырмаланышы жана сандык аныкталышы мүмкүн; системадан тышкары чоңдуктар бирдиги - бирдиктердин кабыл алынган системасына кирбеген чоңдуктар бирдиги; чоңдук бирдиги - чоңдуктун белгиленген мааниси, ал ушундай чоңдуктун бирдиги үчүн кабыл алынган жана аны менен бир тектүү чоңдуктарды сандык көрсөтүү үчүн колдонулат; чоңдуктун когеренттүү бирдиги - чоңдуктун туунду бирдиги, ал 1ге барабар пропорциялуулуктун коэффициенти менен даражага көтөрүлгөн негизги бирдиктин көбөйтүндүсү түрүндө болот; чоңдуктун логарифмалык бирдиги - баштапкы катары алынган аты окшош чоңдукка карата чоңдуктун өлчөмсүз катышынын логарифми; Эл аралык бирдиктер системасы (СИ) - Эл аралык чоңдуктар системасына негизделген бирдиктер системасы; негизги чоңдук - Эл аралык чоңдуктар системасынын башка чоңдуктарынан көз карандысыз катары шарттуу түрдө кабыл алынган чоңдук; СИнин негизги бирдиги - Эл аралык бирдиктер системасындагы (СИ) негизги чоңдуктун бирдиги; салыштырма чоңдук - баштапкы катары алынган аты окшош чоңдукка карата чоңдуктун өлчөмсүз катышы; туунду чоңдук - системанын негизги чоңдуктары аркылуу аныкталган чоңдук; СИ туунду бирдиги - Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) туунду чоңдугунун бирдиги; СИ чоңдуктар бирдигинин системасы - СИнин негизги жана туунду бирдиктеринин, алардын он эселенген жана үлүштүк бирдиктеринин, ошондой эле аларды колдонуу эрежелеринин жыйындысы.
2. Колдонууга уруксат берилген чоңдуктардын бирдиктери,
алардын аталыштары жана белгилениши
3. Кыргыз Республикасында СИ негизги бирдиктерин, СИ туунду бирдиктерин жана чоңдуктардын системасынан тышкары кээ бир бирдиктерди колдонууга уруксат берилет.
4. Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) негизги бирдиктери ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген.
5. СИ туунду бирдиктери математикалык эрежелер боюнча СИ негизги бирдиктери аркылуу түзүлөт жана СИ негизги бирдиктеринин тиешелүү даражаларга туундусу катары аныкталат. СИ туунду бирдиктеринин кээ бирлери атайын аталыштарга жана белгилеништерге ээ.
6. СИ эл аралык бирдиктер системасынын туунду бирдиктери ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген.
7. Чоңдуктардын системадан тышкары бирдиктери ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген.
8. Чоңдуктардын салыштырма жана логарифмалык бирдиктери ушул Жобонун 4-тиркемесинде келтирилген.
3. Чоңдуктардын бирдиктерин колдонуу эрежелери
9. Кыргыз Республикасында СИ негизги бирдиктеринен эселенген жана үлүштүк бирдиктерин, СИ туунду бирдиктерин жана ондук көбөйтүүчүлөрдүн жана жалгаманын жардамы менен түзүлгөн чоңдуктардын өз алдынча системадан тышкары бирдиктерин колдонууга уруксат берилет.
10. Чоңдуктардын эселенген жана үлүштүк бирдиктерин түзүү үчүн ондук көбөйтүүчүлөр, жалгамалар жана жалгамаларды белгилөө ушул Жобонун 5-тиркемесинде келтирилген.
11. Кыргыз Республикасынын укуктук актыларында тактыкты сактоонун чоңдуктарына, ченемдерине жана көрсөткүчтөрүнө карата милдеттүү талаптарды белгилөөдө орус алфавитинин тамгаларын (мындан ары чоңдуктар бирдиктерин орус тилинде белгилөө) колдонуу менен чоңдуктар бирдигин белгилөө колдонулат.
12. Техникалык документтерде (конструктордук, технологиялык, программалык документтерде, стандартташтыруу боюнча документтерде, нускамаларда, насааттамаларда, колдонмолордо жана жоболордо), усулдук. илимий-техникалык жана түрдүү продукцияларга карата башка документтерде, ошондой эле илимий-техникалык басылмаларда (окуу китептерин жана окуу куралдарын кошо) чоңдуктар бирдиктерин эл аралык (латын же грек алфавитинин тамгаларын колдонуу менен же орус тилинде белгилөө колдонулат.
13. Мындай бирдиктерди колдонууну түшүндүрүүгө байланыштуу учурларды кошпогондо чоңдук бирдиктерин эл аралык жана орус тилинде белгилөөнү бир мезгилде колдонууга жол берилбейт.
14. Техникалык каражаттарга, түзүлүштөргө жана ченөө каражаттарына карата чоңдуктар бирдиктерин көрсөтүүдө чоңдуктар бирдиктерин орус тилинде белгилөө менен бирге чоңдуктар бирдиктерин эл аралык белгилөөнү колдонууга жол берилет.
4. Чоңдуктар бирдиктерин жазуу эрежелери
15. Чоңдуктардын маанилерин жазууда чоңдуктар бирдиктерин тамгалар же атайын белгилер (град.), ('), (") менен белгилөө колдонулат. Мында тамгалай белгилөөнүн 2 түрү белгиленет - чоңдуктар бирдиктерин эл аралык белгилөө жана чоңдуктар бирдиктерин орус тилинде белгилөө.
16. Чоңдуктар бирдиктерин тамгалай белгилөө түз шрифт менен басылат. Чоңдуктар бирдиктерин белгилөөдө чекит коюлбайт.
17. Чоңдуктар бирдиктеринин белгилери чоңдуктардын сандык маанилеринин артына, алар менен бир сапка (кийинки сапка которуусуз) жайгаштырылат. Чоңдуктар бирдигинин белгисинин алдында турган кыйгач сызыктуу бөлчөк түрүндөгү сунуштаган сандык маани кашаага алынат. Чоңдуктар бирдиктеринин белгилениши менен сандык маанисинин ортосунда ачык аралык калтырылат.
18. Өзгөчө болуп алдында ачык аралык калтырылбаган, саптын үстүндө жайгашкан белги түрүндөгү чоңдуктардын бирдиктеринин белгилениши эсептелет.
19. Чоңдуктун сандык маанисинде ондук бөлчөктөр болсо, чоңдуктар бирдиктеринин белгилениши акыркы цифрадан кийин көрсөтүлөт. Чоңдуктар бирдиктеринин сандык мааниси менен тамгалай белгиленишинин ортосунда ачык аралык калтырылат.
20. Чоңдуктардын маанилерин эң чоң четтөө менен көрсөтүүдө чоңдуктардын мааниси жана алардын эң чоң четтөөлөрү кашаага алынат, ал эми чоңдуктар бирдиктеринин белгилениши кашаанын сыртында жайгаштырылат же чоңдуктар бирдиктеринин белгилениши чоңдуктун сандык маанисинен кийин жана анын эң чоң четтөөсүнөн кийин коюлат.
21. Формулаларга карата чоңдуктардын белгиленишин түшүндүрүүдө чоңдуктар бирдиктерин белгилөөдө чоңдуктардын ортосунда же тамгалай формада берилген алардын сандык маанилеринин ортосунда көз карандылыкты билдирген формулалар менен бир сапта чоңдуктар бирдигин белгилөөгө жол берилбейт.
22. Чоңдуктар бирдиктеринин көбөйтүндүсүнө кирген чоңдуктар бирдиктерин тамгалай белгилөө орто сызыкта чекит менен ажыратылат ("."). Чоңдуктар бирдиктеринин көбөйтүндүсүн белгилөө үчүн "х" символун колдонууга жол берилбейт.
23. Көбөйтүндүгө кирген чоңдуктар бирдиктеринин тамгалай белгиленишин ачык аралык менен ажыратууга жол берилет.
24. Бөлүү белгиси катары чоңдуктар бирдиктеринин катыштарын тамгалай белгилөөдө бир кыйгач же горизонталь сызык гана колдонулат. Чоңдуктар бирдиктеринин тамгалай белгиленишин даражага көтөрүлгөн (оң же терс) чоңдуктар бирдиктеринин белгиленишинин көбөйтүндүсү түрүндө колдонууга жол берилет.
25. Эгерде катышка кирген чоңдуктар бирдиктеринин бири үчүн терс даража түрүндөгү тамгалай белгини колдонуу аныкталса, кыйгач же горизонталь сызык колдонулбайт.
26. Кыйгач сызыкты колдонууда алымдагы жана бөлүмдөгү чоңдуктар бирдиктеринин тамгалай белгилениши сапка жайгаштырылат, ал эми бөлүмүндөгү чоңдуктар бирдиктеринин белгилеринин туундулары кашаага алынат.
27. Эки же андан көп чоңдуктар бирдиктеринен турган СИ туунду бирдигин көрсөтүүдө чоңдуктар бирдиктеринин аталыштарын жана тамгалай белгиленишин айкалыштырууга (айрым чоңдуктар бирдиктери үчүн белгиленишти, ал эми башкалары үчүн - аталышын көрсөтүүгө) жол берилбейт.
28. Чоңдуктар бирдиктеринин тамгалай белгилениши менен (°), ('), ("), (%) жана (-) белгилерин айкалыштырууга жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Атайын аталыштары жок болгон СИ туунду бирдиктерин белгилөө атайын аталыштары менен чоңдуктар бирдиктеринин жана даражанын мүмкүн болгон кыйла төмөнкү көрсөткүчү менен СИ негизги бирдиктеринин минимум санын камтышы керек.
30. Бир эле чоңдуктар бирдиктеринде туюнтулган чоңдуктар бирдиктеринин сандык маанилеринин диапазонун көрсөтүүдө чоңдуктар бирдиктерин белгилөө диапазондун акыркы сандык маанисинен кийин көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобого 1-тиркеме
Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) негизги
БИРДИКТЕРИ
| Чоңдуктардын аталышы ├────────┬────────────────┬──────────────────────────────┤ | Чоңдуктун бирдиги Аталышы ├────────┬───────┤ | Белгилениши эл аралык | Аныктамасы орусча | |
|---|---|---|---|---|
| 1. Узундук | метр | m | м | Метр-1/299792458 секунда убакыт аралыгында вакуумдагы жарык өткөн жолдун узундугу (Ченем жана салмак боюнча XVII Башкы конференция (ГКМВ), 1983-жыл, 1-резолюция) |
| 2. Масса | кило- грамм | kg | кг | Килограмм - килограммдын эл аралык прототибиндеги массага барабар масса бирдиги (I ГКМВ, 1889-жыл жана III ГКМВ, 1901-ж.) |
| 3. Убакыт | секунда | s | с | Секунда - 133 цезийдин атомунун негизги абалына эки эң ичке деңгээлдердин ортосунда өтүүгө ылайык келген нурлануунун 9192631770 мезгилине барабар убакыт (XIII ГКМВ, 1967-жыл, 1-резолюция) |
| 4. Электр тогу, электр тогунун күчү | ампер | A | А | Ампер - бүтпөгөн узундуктагы эки жарыш түз сызыктуу өткөргүч боюнча өтүүдө 1 метр узундуктагы өткөргүчтүн ар бир участогунда 2*10^(-7) ньютонго барабар болгон аз ара аракеттенүү күчүн пайда кылуучу, бири-биринен 1 метр аралык вакуумда жайгашкан айланма туурасынан кесилиштин өтө аз аянтындагы өзгөрбөгөн токтун күчү (Ченем жана салмактын Эл аралык комитети, 1946-жыл, IX ГКМВ 1448-жылы жактырган 2-резолюция) |
| 5. Заттардын саны | моль | mol | моль | Моль - массасы 0,012 килограмм 12-көмүртегинде канча атом болсо ошончо сандагы түзүмдүк элементтерди камтыган системанын заттарынын саны. Молду колдонгондо түзүмдүк элементтер өз алдынчаланган болууга тийиш жана атом, молекула, ион, электрондор жана башка бөлүкчөлөр же бөлүкчөлөрдүн өз алдынчаланган тобу болушу мүмкүн (XIV ГКМВ, 1971-жыл, 3-резолюция) |
| 6. Термоди- намикалык температура | кельвин | K | К | Кельвин - суунун үчтүк чекитинин термодинамикалык температурасынын 1/273,16 бөлүгүнө барабар термодинамикалык температура бирдиги. (XIII ГКМВ, 1967-жыл, 4-резолюция) |
| 7. Жарык күчү | кандела | cd | кд | Кандела - 540*10^(12) герц жыштыктагы монохроматикалык нурланууну чыгарган булактын берилген багыттагы жарык күчү, бул багыттагы жарыктын энергетикалык күчү стерадианда 1/863 ватты түзөт (XVI ГКМВ, 1979-ж., 3-резолюция) |
Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобого 2-тиркеме
Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) туунду
БИРДИКТЕРИ
| Чоңдуктардын аталышы ├───────────────┬──────────────────┬────────────────────────┤ | Чоңдуктун бирдиги Аталышы ├────────┬─────────┤ туунду бирдиктери | Белгилениши эл аралык | СИнин негизги жана орусча | аркылуу туюнтулган |
|---|---|---|---|---|
| 1. Жалпак бурч | радиан | rad | рад | м*м^(-1) = 1 |
| 2. Нерселик бурч | стерадиан | sr | ср | м^(2)*м^(-2) = 1 |
| 3. Аянт | квадрат метр | m^(2) | м^(2) | м^(2) |
| 4. Көлөм | куб метр | m^(3) | м^(3) | м^(3) |
| 5. Ылдамдык | секундада метр | m/s | м/с | м*с^(-1) |
| 6. Ылдамдануу | метр бөлүнгөн секунддун квадраты | m/s^(2) | м/с^(2) | м*с^(-2) |
| 7. Жыштык | герц | Hz | Гц | с^(-1) |
| 8. Күч | ньютон | № | Н | м*кг*с^(-2) |
| 9. Тыгыздык | килограмм бөлүнгөн метр куб | kg/m^(3) | кг/м^(3) | кг*м^(-3) |
| 10. Басым | паскаль | Pa | Па | м^(-1)*кг*с^(-2) |
| 11. Энергия, жумуш, жылуулуктун саны | джоуль | J | Дж | м^(2)*кг*с^(-2) |
| 12. Жылуулук сыйымдуулугу | джоуль бөлүнгөн кельвин | J/К | Дж/К | м^(2)*кг*с^(-2)*К^(-1) |
| 13. Кубаттуулук | ватт | W | Вт | м^(2)*кг*с^(-3) |
| 14. Электр заряды, электр саны | кулон | C | Кл | с*A |
| 15. Электр чыңалуусу, электр потенциалы, электрдик потенциалдын айырмасы, электр кыймылдаткыч күчү | вольт | V | В | м^(2)*кг*с^(-3) A^(-1) |
| 16. Электр сыйымдуулугу | фарад | F | Ф | м^(-2)*кг^(-1)*с^(4)* A^(2) |
| 17. Электр каршылыгы | ом | омега | Ом | м^(2)*кг*с^(-3)*A^(-2) |
| 18. Электр өткөрүмдүүлүк | сименс | S | См | м^(-2)*кг^(-1)*с^(3)* A^(2) |
| 19. Магниттик индукциянын агымы, магниттик агым | вебер | Wb | Вб | м^(2)*кг*с^(-2)*A^(-1) |
| 20. Магниттик агымдын тыгыздыгы, магниттик индукция | тесла | T | Тл | кг*с^(-2)*A^(-1) |
| 21. Индуктивдүү- лүк, өз ара индуктивдүүлүк | генри | H | Гн | м^(2)*кг*с^(-2)* A^(-2) |
| 22. Цельсий температурасы | Цельсий градусу | град. C | град. C | K |
| 23. Жарык агымы | люмен | lm | лм | кд*ср |
| 24. Жарыктануу | люкс | lx | лк | м^(-2)*кд*ср |
| 25. Радиоактив- дүү булактагы нуклиддин активдүүлүгү (радионуклиддин активдүүлүгү) | беккерель | Bq | Бк | с^(-1) |
| 26. Иондоштуруу- чу нурлануунун, кермдин жутулган дозасы | грей | Gy | Гр | м^(2)*с^(-2) |
| 27. Иондоштуруу- чу нурлануунун эквиваленттүү дозасы, иондоштуруучу нурлануунун натыйжалуу дозасы | зиверт | Sv | Зв | м^(2)*с^(-2) |
| 28. Катализатор- дун активдүүлүгү | катал | kat | кат | моль*с^(-1) |
| 29. Күч моменти | ньютон-метр | №*m | Н*м | м^(2)*кг*с^(-2) |
| 30. Электр талаасынын чыңалуусу | вольт бөлүнгөн метр | V/m | В/м | м*кг*с^(-3)*А^(-1) |
| 31. Магнит талаасынын чыңалуусу | ампер бөлүнгөн метр | А/m | А/м | м^(-1)*А |
| 32. Салыштырма электр өткөрүмдүүлүк | сименс бөлүнгөн метр | S/m | См/м | м^(-3)*кг^(-1)*с^(3)* А^(2) |
Эскертүү: Атайын аталышы жана белгилениши бар СИнин туунду бирдиктери СИнин башка туунду бирдиктерин түзүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Чоңдуктун когеренттик бирдиктерин түзүү эрежелери боюнча СИнин негизги бирдиктери аркылуу түзүлгөн жана тиешелүү даражадагы СИнин негизги бирдиктеринин көбөйтүндүсү катары аныкталган СИнин туунду бирдиктерин колдонууга жол берилет. Чоңдуктардын когеренттик бирдиктери чоңдуктардын ортосундагы эң жөнөкөй байланыш теңдемелеринин негизинде түзүлөт, алардын сан коэффициенттери 1ге барабар болот. Мында чоңдуктар ортосундагы байланыш теңдемелериндеги чоңдуктардын белгилениши СИнин негизги бирдиктеринин белгилеништери менен алмаштырылат. Эгерде чоңдуктардын ортосундагы байланыш теңдемеси 1ден айырмалуу сан коэффициентин камтыса, чоңдуктун когеренттик бирдигин түзүү үчүн теңдеменин он жак бөлүгүнө коэффициентке көбөйткөндөн кийин 1ге барабар жалпы сан маанисин берүүчү СИнин негизги бирдиктеринин чоңдук мааниси коюлат.
Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобого 3-тиркеме
Чоңдуктардын системадан тышкаркы
БИРДИКТЕРИ
| Чоңдуктардын аталышы ├────────┬────────────────┬───────────────────┬──────────┤ | Чоңдуктун бирдиги аталышы ├────────┬───────┤ менен шайкештиги | белгилениши чөйрөсү эл аралык | СИнын бирдиги орусча | Колдонуу | |
|---|---|---|---|---|---|
| 1. Масса | тонна | t | т | 1*10^(3) кг | бардык чөйрөлөр |
| массанын атомдук бирдиги | u | а.е.м. | 1,6605402*10^(-27) кг (болжолдуу) | атомдук физика | |
| карат | - | кар | 2*10^(-4) кг | баалуу таштар жана бермет үчүн | |
| 2. Убакыт | мүнөт саат сутка | mi№ h d | мин ч сут | 60 с 3600 с 86400 с | бардык чөйрөлөр |
| 3. Көлөм, сыйымдуулук | литр | L | л | 1*10^(-3) м^(3) | бардык чөйрөлөр |
| 4. Жалпак бурч | градус | град. | град. | (Пи/180) рад = 1,745329...*10^(-2) рад | бардык чөйрөлөр |
| мүнөт | ' | ' | (Пи/10800) рад = 2,908882...*10^(-4) рад | бардык чөйрөлөр | |
| секунда | " | " | (Пи/648000) рад = 4,848137...*10^(-6) рад | бардык чөйрөлөр | |
| град (гон) | go№ | град | (Пи/200) рад = 1,57080...*10^(-2) рад | геодезия | |
| 5. Узундук ├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤ ├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤ | астроно- миялык бирдик жарык жылы парсек | ua ly pc | а.е. жар. жыл. пк | 1,49598*10^(11) м (болжолдуу) 9,4607*10^(15) м (болжолдуу) 3,0857*10^(16) м болжолдуу) | астрономия |
| ангстрем | A | A | 10^(-10) м | физика, оптика | |
| деңиз мили | mile | миля | 1852 м | деңиз жана авиациялык навигация | |
| фут | ft | фут | 0,3048 м | авиациялык навигация | |
| дюйм | i№ch | дюйм | 0,0254 м | өнөр жай | |
| 6. Аянт ├────────┼────────┼───────┼───────────────────┤токой | гектар ар | ha a | га а | 1*10^(4) м^(2) 1*10^(2) м^(2) | айыл жана чарба |
| 7. Күч ├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤ ├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤ | грамм- күч кило- грамм- күч тонна- күч | gf kgf tf | гс кгс тс | 9,80665*10^(-3) Н 9,80665 Н 9806,65 Н | бардык чөйрөлөр |
| 8. Басым | бар | bar | бар | 1*10^(5) Па | өнөр жай |
| кило- грамм- күч бөлүнгөн санти- метр квадрат | kgf/ cm^(2) | кгс/ см^(2) | 98066,5 Па | бардык чөйрөлөр | |
| суу мамыча- сындагы милли- метр | mm H2O | суу мам. мм | 9,80665 Па | бардык чөйрөлөр | |
| суу мамыча- сындагы метр | m H2О | суу мам. мм | 9806,65 Па | бардык чөйрөлөр | |
| техника- лык атмосфе- ра | - | ат | 9,80665*10^(4) Па | бардык чөйрөлөр | |
| сымап мамыча- сындагы милли- метр | mm Hg | мм рт.ст. | 133,3224 Па | медицина, метеоро- логия, авиациялык навигация | |
| 9. Оптикалык күч | диоптрия | - | дптр | 1*м^(-1) | оптика |
| 10. Сызыктуу тыгыздык | текс | tex | текс | 1*10^(-6) кг/м | текстиль өнөр жайы |
| 11. Ылдамдык | түйүн | k№ | уз | 0,514 м/с (болжолдуу) | деңиз навигация- сы |
| 12. Ылдамда- нуу | гал | Gal | Гал | 0,01 м/с | гравимет- рия |
| 13. Айлануу жыштыгы ├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤ | секунда- сына жүгүрүү мөнөтүнө жүгүрүү | r/s r/mi№ | об/с об/мин | 1 с^(-1) 1/60 с^(-1) = 0,016 с^(-1) (болжолдуу) | электро- техника, өнөр жай |
| 14. Энергия | элект- рон- вольт | eV | эВ | 1,60218*10^(-19) Дж (болжолдуу) | физика |
| кило- ватт- саат | kW*h | кВт*ч | 3,6*10^(6) Дж | электро- техника | |
| 15. Толук кубаттуулук | вольт- ампер | V*A | В*А | - | электро- техника |
| 16. Реактив- дүү кубат- туулук | вар | var | вар | - | электро- техника |
| 17. Электр заряды, электрдин саны | ампер- саат | A*h | А*ч | 3,6*10^(3) Кл | электро- техника |
| 18. Маалымат саны ├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤тык техно- | бит байт | bit B (byte) | бит байт | - - | маалымат- логия, байланыш |
| 19. Маалы- матты берүү ылдамдыгы ├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤гия, | бит секунда- да байт секунда- да | bit/s B/s (byte/s) | бит/с байт/с | - - | маалымат- тык техноло- байланыш |
| 20. Фотондук нурлануунун экспозиция- лык дозасы (гамма нур- лануунун жана рентгендик нурлануунун экспозиция- лык дозасы) | рентген | R | Р | 2,57976*10^(-4) Кл/кг (болжолдуу) | ядролук физика, медицина |
| 21. Иондош- туруучу нурлануунун эквивалент- тик дозасы, иондоштурул- ган нурлануунун натыйжалуу дозасы | бэр | rem | бэр | 0,01 Зв | ядролук физика, медицина |
| 22. Жутулган доза | рад | rad | рад | 0,01 Дж/кг | ядролук физика, медицина |
| 23. Экспози- циялык дозанын кубаттуулугу | рентген секунда- да | R/s | Р/с | - | ядролук физика, медицина |
| 24. Радио- нуклиддин активдүүлүгү | кюри | Ci | Ки | 3,7*10^(10) Бк | ядролук физика, медицина |
| 25. Кинема- тикалык илээшкектик | стокс | St | Ст | 10^(-4) м^(2)/с | өнөр жай |
| 26. Жылуу- луктун саны, термодинами- калык потенциал | калория (эл аралык) | cal | кал | 4,1868 Дж | өнөр жай |
| калория термохи- миялык | calth | калтх | 4,1840 Дж (болжолдуу) | өнөр жай | |
| 15-гра- дустук калория | Cal15 | Кал15 | 4,1855 Дж (болжолдуу) | өнөр жай | |
| 27. Жылуулук агымы (жылуулук кубаттуулу- гу) ├────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤ ├────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤ | калория секунда- сына Килока- лория саатына гигака- лория саатына | сal/s kсal/h Gсal/h | кал/с ккал/ч Гкал/ч | 4,1868 Вт 1,163 Вт 1,163*10^(6) Вт | өнөр жай |
Эскертүүлөр:
1. Чоңдуктардын системадан тышкаркы бирдиктери чоңдуктардын сандык маанисин СИнин бирдиктеринде туюнтуу мүмкүн болбогон же максатка ылайыктуу болбогон учурларда гана колдонулат.
2. Массанын (массанын атомдук бирдиги, карат), убакыттын, жалпак бурчтун, узундуктун, аянттын, басымдын, оптикалык күчтүн, линиялык жыштыктын, ылдамдыктын, ылдамдануунун, айлануу жыштыгынын бирдиктеринин аталышы жана белгилениши жалгамалары менен колдонулбайт.
3. Убакыттын чоңдугу үчүн кеңири таралган башка бирдиктерди колдонууга жол берилет, мисалы, жума, ай, жыл, кылым, миң жылдык, алардын аталышы жана белгилениши жалгамалары менен колдонулбайт.
4. "Литр" (тамгалык белгилениши 1 "эль") сыйымдуулуктун көлөм бирдиги үчүн L белгиленишин колдонууга жол берилет.
5. "Градус", "минута", "секунда" деген жалпак бурчтуктардын бирдиктеринин белгилениши саптын үстүнө жазылат.
6. "Байт" (1 байт = 8 бит) маалыматтык сан бирдигинин аталышы жана белгилениши "Кило", "Мега", "Гига" кош жалгамалары менен колдонулат, алар "2^(10)", "2^(20)" жана "2^(30)" көбөйтүүчүлөргө шайкеш келет (1 Кбайт = 1024 байт, 1 Мбайт = 1024 Кбайт, 1 Гбайт = 1024 Мбайт). Ушул жалгамалар чоң тамгалар менен жазылат. Эл аралык электротехникалык комиссиянын Эл аралык стандарты сунуштаган "К" "М" "G" жалгамалары менен маалымат бирдиктеринин эл аралык белгилеништерин колдонууга жол берилет МЭК 60027-2 (КВ, МВ, СВ, Kbyte, Mbyte, Gbyte).
7. Башка системадан тышкаркы чоңдуктар бирдиктерин колдонууга жол берилет. Мында чоңдуктардын системадан тышкаркы бирдиктеринин аталыштары СИнин негизги жана туунду бирдиктеринин катышын көрсөтүү менен бирге колдонулат.
Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобого 4-тиркеме
Чоңдуктардын салыштырма жана логарифмалык
БИРДИКТЕРИ
| Чоңдуктардын аталышы ├────────┬─────────────────┬──────────────────┤ | Чоңдуктун бирдиги Аталышы ├────────┬────────┤ | Белгилениши эл аралык | Мааниси орусча | |
|---|---|---|---|---|
| 1. Салыштырма чоңдук: КПД; салыштырма узаруу; салыштырма тыгыздык; ├────────┼────────┼────────┼──────────────────┤ деформация; салыштырма диэлектрдик жана ├────────┼────────┼────────┼──────────────────┤ магниттик өткөрүмдүү- лүктөр; магниттик кабыл├────────┼────────┼────────┼──────────────────┤ алуучулук; компоненттин массалык үлүшү; компоненттин молдук үлүшү ж.б. | бирдик- тер пайыз промилле миллион- дук үлүш | 1 % промилле ppm | 1 % промилле млн^(-1) | 1 1*10^(-2) 1*10^(-3) 1*10^(-6) |
| 2. Логарифмалык чоңдук: үн басымынын деңгээли; күчөө, алсыздануу ж.б. | бел | В | Б | 1 Б = lg (P2/P1) P2 = 10 P1 де 1 Б = 2 lg (F2/F1) ── F2 = \/10 F1, де P1, P2 - кубаттуу- лук, энергия, энергиянын тыгыздыгы ж.б. сыяктуу ушундай бир аталыштагы чоңдуктар; F1, F2 - токтун, ток күчүнүн, талаанын чыңалышы ж.б. сыяктуу ушундай бир ата- лыштагы чоңдуктар |
| децибел | dB | дБ | 0,1 Б | |
| 3. Логарифмалык чоңдук - үндүн катуу чыгуу деңгээли | фон | pho№ | фон | 1 фон үндүн катуу чыгуу деңгээлине барабар, ал үчүн үн басымынын 1000 Гц жыштыктагы үндүн катуу чыгуу деңгээли боюнча аны менен барабар болгон үн басымынын деңгээли 1 дБга барабар |
| 4. Логарифмалык чоңдук - жыштык интервалы | октава | - | окт | 1 октава log2 (f2/f1) ге барабар f2/f1 = 2, мында f1, f2 - жыштыктар |
| декада | - | дек | 1 декада lg (f2/f1) ге барабар f2/f1 = 10 f1, f2 - жыштыктар | |
| 5. Логарифмалык чоңдук: чыңалуунун начарлашы, токтун күчүнүн начарлашы, талаанын чыңалуусунун начарлашы ж.б. | непер | №p | Нп | 1 Нп = l№ (F2/F1) F2/F1 = e = 2,718. ....., мында F1, F2 - чыңалуу, токтун күчү, талаанын чыңалуусу ж.б. сыяктуу ушундай бир аталыштагы чоңдук- тар, e - натурал- дык логарифманын негизи. 1 Нп = 0,8686 Б = 8,686 дБ |
Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобого 5-тиркеме
Чоңдуктардын эселүү жана үлүштүк бирдиктеринин түзүү үчүн ондук көбөйтүүчүлөр, жалгамалар жана жалгамалардын
БЕЛГИЛЕНИШТЕРИ
| Ондук көбөйтүүчү- лөр | Жалгама- лар ├──────┬────┤ | Жалгамама- лардын белгилениши ├──────┬────┤ эл аралык | Ондук көбөйтүүчү- лөр ору- сча | Жалгама | Жалгамалар- дын белгилениши | эл аралык | ору- сча |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 10^(24) | иотта | Y | И | 10^(-1) | деци | d | д |
| 10^(21) | зетта | Z | З | 10^(-2) | санти | c | с |
| 10^(18) | экса | E | Э | 10^(-3) | милли | m | м |
| 10^(15) | пета | P | П | 10^(-6) | микро | микро | мк |
| 10^(12) | тера | T | Т | 10^(-9) | нано | № | н |
| 10^(9) | гига | G | Г | 10^(-12) | пико | p | п |
| 10^(6) | мега | M | М | 10^(-15) | фемто | f | ф |
| 10^(3) | кило | k | к | 10^(-18) | атто | a | а |
| 10^(2) | гекто | h | г | 10^(-21) | зепто | z | з |
| 10^(1) | дека | da | да | 10^(-24) | иокто | y | и |
Эскертүү: Массанын эселенген жана үлүштүк бирдиктерин түзүү үчүн массанын бирдиги - килограммдын ордуна массанын грамм үлүштүк бирдиги пайдаланылат жана жалгама "грамм" деген сөзгө бириктирилет. Массанын үлүштүк бирдиги - грамм жалгама бириктирилбестен колдонулат. СИнин он эселенген жана үлүштүк бирдиктеринин жалгаманын жардамы менен түзүлгөн аталыштарын жана белгилеништерин жазууда жалгама же анын белгилениши бирдиктин аталышы жана белгилениши менен бирге жазылат. Мындай бирдиктер кеңири таралган учурларда жалгаманы көбөйтүндүнүн экинчи көбөйтүүчүсүнө же бөлүмүнө бириктирүүгө жол берилет. Баштапкы бирдиктин аталышына жана белгиленишине 2 же андан көп жалгамалар бир мезгилде бириктирилбейт. Даражага көтөрүлгөн баштапкы бирдиктин он эселенген же үлүштүк бирдигинин аталышы жалгаманы баштапкы бирдиктин аталышына бириктирүү жолу менен түзүлөт. Даражага көтөрүлгөн баштапкы бирдиктердин он эселенген жана үлүштүк бирдиктеринин аталышы баштапкы бирдиктин он эселенген же үлүштүк бирдиктеринин белгиленишине даражанын тиешелүү көрсөткүчүн кошуу менен түзүлөт. Мында даражанын көрсөткүчү жалгама менен бирге он эселенген же үлүштүк бирдикти ондук даражага көтөрүүнү билдирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 10.08.2007 · № 149 · Күчүн жоготкон