# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 196
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15925/edition/423901/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (06.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94263

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-марты № 116 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышындагы "коргонууга" деген сөз "корголууга" деген сөзгө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесинин 1-таблицасынын 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"

| 1.4. Банктар, күрөөканалар | Акча, баалуулуктар, баалуу буюмдар, баалуу кагаздар сакталуучу жай |  | + |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  | Операциялык зал, офистер ж.б.у.с. |  | + | Администра- циялык- тиричилик жайларында- жылуулукту, башкаларда- түтүндүү |  |

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
