# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15922/edition/749035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94259

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 22-апрели № 212 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 311, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомдорунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2798-V токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:

7-пункттун 2 жана 3-пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын; 8-пункттун 1-пунктчасынын он сегизинчи жана жыйырма алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп табылсын; 13-пунктта: 25-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "25) Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана Министрликтин түзүмүн бекитет, Министрликтин белгиленген штаттык санынын чегинде Министрликтин, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;"; төмөнкү мазмундагы жыйырма тогузунчу абзац менен толукталсын: "Министрди кызмат ордуна дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасында:

"КР ТИМ алдындагы Тышкы миграция департаменти" жана "КР ТИМ алдындагы ТМДнин аймактык бөлүмдөрү" деген позициялар күчүн жоготту деп табылсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 311 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 311 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
