# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 213 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 213 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15921/edition/423869/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 213 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94258

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 22-апрели № 213 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жободо:

- 6-пунктта:

он тогузунчу абзацтагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык" деген сөздөр алып салынсын; жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын.

- 8-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"8. ЖАКты төрага жетектейт, аны шайлоонун натыйжасы боюнча ЖАКтын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушун алган талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт. ЖАКтын төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоо тартиби ЖАКтын чечими менен аныкталат. ЖАКтын төрагасын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматтан бошотот. ЖАКтын төрагасынын орун басары - башкы окумуштуу катчысы болот, аны ЖАКтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. ЖАКтын төрагасы ЖАКка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат жана анын ишине жетекчилик кылат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
