# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15913/edition/1229961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтому (10.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94248

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 15-февралы № 71 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын курамы 3-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 токтомуна 3-тиркеме

Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, комиссиянын төрагасы. Ведомстволор аралык координациялык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун директору - төраганын орун басары.
