# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 68 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 68 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15910/edition/1159893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 68 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (11.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94245

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-февралы № 68 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциянын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"

1-берене.

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Кириш сөзү күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-берене. Жазык-аткаруу тутумунун ишинин мыйзамдык негизи

Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.".

3. Төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:

"3-1-берене. Бул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш үчүн жазалардын аткарылышын ишке ашыруучу, кылмыш жасады деп айыпталган адамдарды камакта кармоочу органдардын жана мекемелердин ишинин негиздерин, жаза-аткаруу тутумунун статусун, пенитенциардык кызматтын персоналынын укуктук абалын аныктайт.".

4. 6-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жазык-аткаруу тутумунун социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү, ошондой эле соттолгондорду эмгекке тартуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү ишканалар түзүлүшү мүмкүн.".

5. 7-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин түзүмү жана штаттары, ошондой эле ал мекемелер жөнүндө жоболор жана жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин атайын наамы бар адамдар ээлөөчү кызмат орундардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте бекитилет.".

6. 8-берененин 4-бөлүгүндө жана 9-берененин 3-бөлүгүндө "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

7. 13-берененин 3-бөлүгүндө "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 14-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу пункт менен толукталсын:

"9. жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин объекттеринде жана алардын жанындагы аймактарда режимдик талаптардын аткарылышын контролдоо.".

9. 15-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту жана 38-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.

10. 18-берененин 2-бөлүгүндө "жазык-аткаруу тутумунун органы" деген сөздөр алып салынсын.

11. 21-берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын" деген сөздөр "Өкмөтүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын.

12. 24-берененин 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын актыларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

13. 37-берененин 1-бөлүгүндө:

1) 1 жана 2-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;

2) 4-пунктундагы "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу" деген сөздөр алып салынсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
