Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-02-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-февралы № 67 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 3012-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
3. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Кыргыз Республикасынын экономика министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1998-жылдын 24-июлу, № 97-98) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-берененин сегизинчи абзацындагы ", стандартташтырууну, сертификациялоону" деген сөздөр алып салынсын.
2. 11-берененин экинчи абзацындагы "ченөөлөрдүн тактыгынын белгиленген мамлекеттик стандарттарына жана ченемдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 12-беренеде:
1) биринчи абзацтагы "Энергияны керектөөчү продукциянын мамлекеттик стандарттарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган жана энергияны керектөөчү продукциянын маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) үчүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын.
4. 16-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"16-берене. Продукциянын энергиялык натыйжалуулугунун шайкештигин белгилөө
Бардык арналыштагы энергия керектөөчү продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган ченемдик укуктук актылар белгилеген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 8-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 7-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, киргизилүүчү жана сатылуучу тамак-аш продукциясы тиешелүү техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3140-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 30.05.2013 · № 3140-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3389-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 27.06.2013 · № 3389-V
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги №3012-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 18.04.2013 · № 3012-V
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон