# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15904/edition/1159887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому (11.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94239

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-февралы № 62 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 566 "Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуна ылайык жиберилген "Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 566 "Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
