# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15886/edition/1159903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (05.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94216

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-марты № 110 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Аткаруу бийлиги органдарына жүргүзүлүп жаткан реформага жана иштерин оптималдаштырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1-пунктунда:

- "а" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

"а) мамлекеттик агенттиктер:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;";

- "б" пунктчасынын жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы);":

- "г" пунктчасынын экинчи абзацындагы "Санитардык," деген сөз алып салынсын;

төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинде аткаруу бийлигинин башка органдары иштешет:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.";

2-пунктунун "а" пунктчасынын бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланат жана кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
