Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-03-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-марты № 110 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Аткаруу бийлиги органдарына жүргүзүлүп жаткан реформага жана иштерин оптималдаштырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1-пунктунда:
- "а" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"а) мамлекеттик агенттиктер:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;";
- "б" пунктчасынын жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы);":
- "г" пунктчасынын экинчи абзацындагы "Санитардык," деген сөз алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинде аткаруу бийлигинин башка органдары иштешет:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.";
2-пунктунун "а" пунктчасынын бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланат жана кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон