# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15882/edition/548316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (05.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94212

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 313 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-марты № 105 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

токтомдун мамлекеттик тилдеги текстинде аталышы "өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу" деген сөздөрдөн мурда "2011-2013-жылдарга карата" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планында: бүткүл текст боюнча "Аткаруучулар" деген графадагы "УКМКнын ЧА" деген аббревиатуралар "МЧК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын; 2-пунктта: 1-пунктчада:

- биринчи абзацтагы "2011-жылдын 1-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "ушул Пландын 2-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алгандан кийин 2 айлык мөөнөттө" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацтагы "2011-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "ушул Пландын 2-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алгандан кийин 2 айлык мөөнөттө" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пунктчанын төртүнчү абзацындагы "2011-жылдын 1-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пунктчанын үчүнчү абзацындагы "2012-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 1-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пунктчанын төртүнчү абзацындагы "Аракеттер" деген графа төмөнкү редакцияда берилсин: "- өткөрмө пункттардагы баштапкы тараза габарит контролунун жыйынтыктары боюнча маалымат алмашуунун механизмин иштеп чыгуу;"; "Мөөнөтү" деген графада:

- 4-пункттун 2-пунктчасынын биринчи абзацындагы "2011-жылдын 1-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пункттун 2-пунктчасындагы "2012-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 1-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пункттагы "2012-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

11-пунктта:

- 1-пунктчанын экинчи, үчүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "2012-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: "

|  |  | 2) "Тору- гарт өткөрмө пунктун реконстру- кциялоо ├─────────────────┼──────┼───────┼─────────┼───────────┤ | Мурда орнотулган тараза жабдыгын колдонууга киргизүү - өткөрмө пунктту реконструкциялоо же куруу боюнча пункттарында чечим кабыл алуу | 2013- жылдын 31- марты- на чейин 2013- жылдын 31-де- кабры- на чейин | Бюджет- тин чегин- де, эл аралык донор- лордун кара- жатта- рына Бюджет- тин чегинде | МБК ТжКМ Өкмөттүн Аппараты, МЧК, МБК | Өткөрмө пункттарды стандарт- тарга ылайык келтирүү Өткөрмө пункттун стандарт- тарга ылайык куруу жөнүндө чечим кабыл алуу |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |

". 3-пунктчада:

- "Мөөнөтү" деген графанын үчүнчү абзацында "2011" деген цифралар "2013" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "Аткаруучулар" деген графанын үчүнчү абзацы "МБК" деген аббревиатурадан кийин "БИ" МИ" деген аббревиатуралар менен толукталсын;

4-пунктчада: "Мөөнөтү" деген графада:

- биринчи абзацтагы "2011-жылдын 1-августуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- экинчи абзацтагы "2011" деген цифралар "2013" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "Аткаруучулар" деген графанын экинчи абзацы "МБК" деген аббревиатурадан кийин БИ" МИ" деген аббревиатуралар менен толукталсын;

"Мөөнөтү" деген графада:

- 5-пунктчанын экинчи абзацындагы "2011-жылдын 1-августуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пунктчадагы "2011" деген цифралар "2013" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 12-пункттун 4-пунктчасынын экинчи абзацындагы "2012-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 1-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 15-пункттун 5-пунктчасынын экинчи абзацындагы "2012-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 19-пункттун экинчи абзацындагы "2012-жылдын 1-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 23-пункттун 1-пунктчасынын биринчи абзацындагы "2012-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

эскертүү төмөнкү мазмундагы отуз төртүнчү жана отуз бешинчи абзацтар менен толукталсын: "БИ" МИ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы; МЧК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
