Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 14 декабря 2016 года № 674 "О вопросах обеспечения соблюдения законодательства в сфере государственной гражданской службы и муниципальной службы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-14.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-марты № 104 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-мартындагы № 104 токтомуна тиркеме
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу
ТАРТИБИ
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу эрежесин (мындан ары - Тартип) аныктайт.
2. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу белектерди (мындан ары - Белектер) алышкан жана белектерди белгиленген тартипте өткөрүп беришкен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жооптуу адамына бул белектерди сатып алуу ниети жөнүндө билдирсе болот. Белекти сатып алуу ниетин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы кабарламада билдирет.
3. Кабарлама ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлөт жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине белектерди алган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен, ал эми белектер кызматтык иш сапар учурунда алынса кызматтык иш сапардан кайтып келген күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен жиберилет.
Мында, эгерде белектер мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан алынса, кабарлама мамлекеттик органдагы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы жооптуу адамга жиберилет.
4. Белектер алардын наркы аныкталганга чейин 2-тиркемеге ылайык белектерди сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына белекти алган күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен, ал эми белектер кызматтык иш сапар учурунда алынса - кызматтык иш сапардан кайтып келген күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.
5. Белектердин наркы жана баалуулугу көз карандысыз баалоочулар, эксперттер же тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат. Белектердин наркын аныктоо белектерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча белектер өткөрүлүп берилген күндөн тартып жыйырма жумушчу күндөн кечиктирилбестен ишке ашырылат.
Белектин наркын жана баалуулугун аныктоо боюнча баалоочунун кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөө белекти сатып алууну каалаган мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Он эсептик көрсөткүчтөн аз нарктагы белектер сатып алынбайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын менчигине берилет.
Он эсептик көрсөткүчтөн көп нарктагы белекти өткөрүп берген мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адам аны сатып алууга укуктуу, бул үчүн белекти баалоонун жүрүшүндө аныкталган анын наркын төлөйт.
7. Ысымы жазылган белектер мыйзамда белгиленген тартипте бааланган белектин жарым наркына сатып алынса болот.
Эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматчыга берилген белектер тарыхый, көркөм, илимий же маданий баалуулукка ээ болуп жана ал кайталангыстыгынан же базарда жоктугунан аны баалоо татаал болсо, алар сатып алынбайт. Мындай белектер көпчүлүктүн көрүүсү үчүн тиешелүү органдын имаратынын бул үчүн арналган ордунда, же болбосо музей фондуна, ал эми өзгөчө баалуу белектер - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына коюлат. Белектин өзгөчө наркын жана баалуулугун аныктоо үчүн тиешелүү эксперттер же ыйгарым укуктуу органдар (тарых, археология, искусство, адабият ж.б. жаатындагы) тартылат.
8. Белектин наркы мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын алыш-бериш эсебине төлөнгөндөн жана төлөнгөнү жөнүндө квитанция көрсөтүлгөндөн кийин, ал ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн белекти кайтарып берүү актысында каралган тартипте аны алган адамга кайтарылып берилет.
9. Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси штаттагы кызматкерлердин ичинен материалдык жооптуу адамды аныктайт. Мамлекеттик органдагы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы материалдык жооптуу адам ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча берилген белектерди эсепке алууну жана журналды жүргүзүүнү камсыз кылат.
10. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-январына чейин мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган формага ылайык мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берилген жана мамлекеттик, муниципалдык кызматчылар тарабынан сатып алынган белектер жөнүндө маалыматты мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу тартибине 1-тиркеме
Үлгү
Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу
белектерди алуу жөнүндө
КАБАРЛАМА
201_-жылдын "__" _______ № ___
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 511-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык мен _________________________________________________ ___________________________________________________________ байланыштуу (протоколдук иш-чаранын, кызматтык иш сапардын же башка расмий иш-чаранын аталышы) алган төмөнкү белектерди кабыл алууну өтүнөм:
| № | Белектин аталышы, анын мүнөздөмөсү жана сүрөттөлүшү | Буюмдардын саны | Наркын ырастаган документтин реквизиттери(*) | Наркы, сом менен(*) |
|---|---|---|---|---|
| Жыйынтыгы | Жыйынтыгы |
(*) Белектин наркын ырастаган документтер болгондо гана толтурулат. __________________________________________________________________ ________________________________________________________________ баалоо жол-жобосу өткөрүлгөндөн кийин аталган белекти сатып алууну каалайм (каалабайм) ___________________________________________________________ (белектин наркын ырастаган документти тиркейм)
___________________________________ (Белекти өткөрүп берген адамдын колу) ___________________________________ (Белекти кабыл алган жооптуу адамдын колу)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу тартибине 2-тиркеме
Үлгү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук
иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган
белектерди кабыл алуу-өткөрүп берүү
АКТЫСЫ
201_-жылдын "__" ______ № ___
Биз, төмөндө кол койгондор, ______________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (аты-жөнү, кызматы) төмөнкү белектерди өткөрүп бергендиги, ал эми _________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________ атынан сактоочу (ыйгарым укук берилген адамдын аты-жөнү кызматы) жооптуу сактоого кабыл алгандыгы жөнүндө ушул актыны түздүк:
| № | Белектин аталышы, анын мүнөздөмөсү жана сүрөттөлүшү | Буюмдардын саны | Наркын ырастаган документтин реквизиттери(*) | Наркы, сом менен(*) |
|---|---|---|---|---|
| Жыйынтыгы | Жыйынтыгы |
(*) Белектин наркын ырастаган документтер болгондо гана толтурулат. Тиркеме: ________________________________________________ барак. (Документтин аталышы: чек, кепилдик талону ж.б.)
Бул акты эки нускада, ар бир тарап үчүн бирден түзүлдү.
Жооптуу сактоого кабыл алдым Жооптуу сактоого өткөрүп бердим
____________________________ _______________________________ Аты-жөнү, колу Аты-жөнү, колу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу тартибине 3-тиркеме
Үлгү
№ ____ белекти кайтарып берүү
АКТЫСЫ
201_-жылдын "__" _______ № ___
Белектин сакталышына жооптуу адам ________________________________ ______________________________________________________________________, (белекти өткөрүп берген адамдын аты-жөнү, кызматы) _______________________________________________________________________ (белектин наркы, сом менен, жазуу жүзүндө) нарктагы 201_-жылдын "__" ________ кабыл алынган ______________________ _______________________________________________________________ белекти Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык, ошондой эле _______ _____________________________________________________________ негизинде 201_-жылдын "__" _________ ___________________________________________ _______________________________________________________________________ ___________________________________________ кайтарып берет. (аты-жөнү, кызматы)
Белекти алган адам Белекти кайтарып берген адам
___________________________ ____________________________ Аты-жөнү, колу Аты-жөнү, колу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу тартибине 4-тиркеме
Үлгү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди эсепке алуу
ЖУРНАЛЫ
| № | Белекти алган- дыгы жөнүндө кабар- ланган күн | Белекти алган адамдын аты-жөнү | Белек- тин ата- лышы | Буюм- дардын саны | Анын наркын сом менен ырастаган документ- тердин реквизит- тери | Жооптуу адамдын аты-жөнү | Баа- лан- ган күн | Белек- тин наркы, сом менен | Та- рап- тар- дын колу |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Эскертүү: эсепке алуу журналынын бардык беттерине номур коюлуп, боо өткөрүп байланып жана жетекчинин колу коюлуп, мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2016 · № 674 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтомуПостановление · 14.12.2016 · № 674
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2016 · № 674 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон