# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-февралындагы № 101 ""Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-февралындагы № 101 ""Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15879/edition/1159911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-февралындагы № 101 ""Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" (27.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94208

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-февралы № 101 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 5-августу, № 63) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 3-беренеде:

1) 9-пунктундагы ", ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан" деген сөздөр "белгиленген формадагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 10-пунктундагы "өзүнүн кесиптик жактан компетенттүүлүгүн далилдеген жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. 5-берененин 9-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Энергетикалык сертификаттын формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".

3. 6-беренеде:

1) 1-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин;

2) 4-бөлүгүндө:

а) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минимум талаптарын иштеп чыгуу;";

б) 6-пунктундагы "бекитүү жана" деген сөздөр алып салынсын.

4. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жагында аткарылган иштердин сапатына мониторинг

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жагында аткарылган иштердин сапатына мониторинг имараттардын энергетикалык сертификаттарын жана (же) буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетторду экспертизалоо жолу менен жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.".

5. 10-берененин 4-бөлүгүндөгү "бир нече жолу" деген сөздөр "үч жолу" деген сөздөргө, "ажыратылышы мүмкүн" деген сөздөр "ажыратылат" деген сөзгө алмаштырылсын.

6. 12-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
