Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-02-27.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-февралы № 101 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 5-августу, № 63) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-беренеде:
1) 9-пунктундагы ", ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан" деген сөздөр "белгиленген формадагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 10-пунктундагы "өзүнүн кесиптик жактан компетенттүүлүгүн далилдеген жана" деген сөздөр алып салынсын.
2. 5-берененин 9-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Энергетикалык сертификаттын формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
3. 6-беренеде:
1) 1-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин;
2) 4-бөлүгүндө:
а) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минимум талаптарын иштеп чыгуу;";
б) 6-пунктундагы "бекитүү жана" деген сөздөр алып салынсын.
4. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жагында аткарылган иштердин сапатына мониторинг
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жагында аткарылган иштердин сапатына мониторинг имараттардын энергетикалык сертификаттарын жана (же) буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетторду экспертизалоо жолу менен жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.".
5. 10-берененин 4-бөлүгүндөгү "бир нече жолу" деген сөздөр "үч жолу" деген сөздөргө, "ажыратылышы мүмкүн" деген сөздөр "ажыратылат" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 12-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 3432-V "V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-2014-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 11.09.2013 · № 3432-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 12-сентябрындагы № 3441-V "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо…Постановление · 12.09.2013 · № 3441-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 20-июнундагы № 3276-V "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү…Постановление · 20.06.2013 · № 3276-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-майындагы № 3078-V "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 16.05.2013 · № 3078-V
Шилтеме берет (3)
- Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндөЗакон · 26.07.2011 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон