# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралы № 99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралы № 99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15877/edition/419985/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралы № 99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (26.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94206

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 26-февралы № 99 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык жаратылышты коргоочу конвенциялардын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен өткөрүү пункттары жөнүндө эл аралык келишимдеринин талаптарына ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында тийиштүү контролду жана мамлекеттик органдардын өз ара байланышта аракеттенүүлөрүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"

| 4 | Каракол аэропорту | Ысыккөл облусу, Каракол ш., "Каракол" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, сутка бою | + | + | + | + | + | + |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
