# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15875/edition/419437/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94204

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 26-февралы № 97 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборлорунун кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө маселелерин регламенттөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

атылышы "психоневрологиялык үй-интернаттарынын" деген сөздөрдөн кийин ", үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлорунун" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы 3.1, 3.2, 3.3-пункттар менен толукталсын: "

| 3.1 | Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборлорунун бөлүмчөсүнүн башчысы | 5500 | 5500 | 5500 | 5500 |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 3.2 | Юрист | 5000 | 5000 | 5000 | 5000 |
| 3.3 | Социалдык иш боюнча адис | 5000 | 5000 | 5000 | 5000 |

";

- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 3.1, 3.2-пункттар менен толукталсын:

"

| 3.1 | Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборлорунун бөлүмчөсүнүн башчысы | Жогорку билим, социалдык коргоо системасында иш стажы 3 жылдан кем эмес |
| --- | --- | --- |
| 3.2 | Юрист | Жогорку юридикалык билим, адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес |

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
