Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-марты № 114 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 497 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 370-V "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу" токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун программасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, администрациялык ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары мамлекеттик кызматчылардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын пландарын, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуунун программаларын каржылоо булактарын аныктоо менен 2013-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө бекитишсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын пландарын, ошондой эле муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуунун программаларын каржылоо булактарын аныктоо менен 2013-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө бекитүү сунуш кылынсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 497 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга Терминологиялык комиссиянын ишин жандандыруу сунушталсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары К.Б.Бактыгуловго жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 114 токтомуна 1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар | Жооптуулар |
|---|---|---|---|---|
| I. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү | ||||
| 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуу | ||||
| 1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуу үчүн топторду аныктоо | 2013-жылдын 15-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча) |
| 2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен келишим түзүү | 2013-жылдын 15-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү, укуктук камсыздоо бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Коеналиев Т.К. (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Муратов А.А., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Шадыбеков К.Б., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Иминов М.С. |
| 3 | Окууну өткөрүү үчүн уюштуруучу, материалдык-тех- никалык шарттарды түзүү | 2013-жылдын 15-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Коеналиев Т.К. (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айтбаев У.Ш. |
| 4 | Окуунун графигин, өтүлүүчү жерин, жүгүртмөсүн бекитүү | 2013-жылдын 15-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айтбаев У.Ш. |
| 5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуу | 2013-жылдын 15-мартынан баштап 31-декабрына чейин, анын ичинде: I этап - 2013-жылдын 15-мартынан баштап 6-июнуна чейин; II этап - 2013-жылдын 19-июнунан баштап 19-сентяб- рына чейин; III этап - 2013-жылдын 7-октябрдан баштап 20-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча) |
| 6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун I этабын өткөрүү | 2013-жылдын 1-мартынан баштап 6-июнуна чейин | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча) |
| 7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун I этабынын жыйынтыгын чыгаруу, окутуунун I этабынын натыйжаларына ылайык дифференциалдык ыкманы(*) колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын андан ары окутуу үчүн топторду аныктоо | 2013-жылдын 6-12-июну | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Муратов А.А., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айтбаев У.Ш. |
| 8 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун II этабынын программасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2013-жылдын 12-18-июну | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Муратов А.А., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айтбаев У.Ш. |
| 9 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун II этабын өткөрүү | 2013-жылдын 19-июнунан баштап 19-сентяб- рына чейин | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча) |
| 10 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун II этабынын жыйынтыгын чыгаруу, окутуунун II этабынын натыйжаларына ылайык дифференциалдык ыкманы колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын андан ары окутуу үчүн топторду аныктоо | 2013-жылдын 19-25-сен- тябры | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Муратов А.А., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айтбаев У.Ш. |
| 11 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун III этабынын программасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2013-жылдын 26-сентяб- рынан баштап 4-октябрына чейин | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Муратов А.А., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айтбаев У.Ш. |
| 12 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун III этабын өткөрүү | 2013-жылдын 7-октябрынан баштап 20-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча) |
| 13 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун III этабынын жыйынтыгын чыгаруу | 2013-жылдын 23-25-декаб- ры | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Муратов А.А., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айтбаев У.Ш. |
| 14 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына мамлекеттик тил боюнча сертификаттарды тапшыруу | Окуу аяктагандан кийин окуу топторунун өзгөчөлүгүнө ылайык | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча) |
| 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн материалдык-техникалык шарттарды камсыз кылуу | ||||
| 15 | Кыргыз тилинин орфографиясы, пунктуациясы жана тезаурусу боюнча программалык продукттарды компьютерлерге орнотуу | 2013-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Коеналиев Т.К. (макулдашуу боюнча) |
| 16 | Кыргыз тилинин базасында клавиатураны жайгаштыруу боюнча программалык продуктту орнотуу | 2013-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Коеналиев Т.К. (макулдашуу боюнча) |
| 17 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын китепканасынын базасында кыргыз тил кабинетин ачуу | 2013-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Коеналиев Т.К. (макулдашуу боюнча) |
| 18 | Кыргыз тили кабинетин "Тил көпүрө", "Легкий Кыргызстан", "Тилден-дилге" (CD) сыяктуу окутуу программалары, CD китептер менен камсыз кылуу | 2013-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Коеналиев Т.К. (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча) |
| 19 | Кыргыз тили кабинетин окуу куралдары, сөздүктөр, усулдук иштелмелер менен камсыз кылуу | 2013-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Коеналиев Т.К. (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Түмөнбаева Ч.Д. (макулдашуу боюнча) |
| II. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү | ||||
| 1. Ченемдик укуктук маселелерди чечүү | ||||
| 20 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү | 2013-жылдын 2-кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айтбаев У.Ш., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Муратов А.А. |
| 21 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламентин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү | 2013-жылдын 2-кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айтбаев У.Ш., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Муратов А.А. |
| 22 | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин жоболорун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин кабыл алуу | 2013-жылдын аягына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Муратов А.А., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Шадыбеков К.Б. |
| 23 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-минис- трдин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 385 буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик тилдеги терминдерди бирдейлештирүү боюнча жумушчу топтун жыйындарын өткөрүү | 2013-жылдын 1-мартынан баштап, дайыма | Мамлекеттик тилдеги терминдерди бирдейлештирүү боюнча жумушчу топ | Мамлекеттик тилдеги терминдерди бирдейлештирүү боюнча жумушчу топтун катчысы Абдысадыр уулу А. |
| 24 | Мамлекеттик тил боюнча колдонмолорду жана башка материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына жайгаштыруу | 2013-жылдын 1-мартынан баштап, дайыма | Мамлекеттик тилдеги терминдерди бирдейлештирүү боюнча жумушчу топ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү | Мамлекеттик тилдеги терминдерди бирдейлештирүү боюнча жумушчу топтун катчысы Абдысадыр уулу А., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Токтогулова Н.А. |
| 25 | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун ченем чыгаруучу органдардан мамлекеттик тилде кабыл алуу | "Кыргыз Республика- сынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүү киргизилген- ден жана Кыргыз Республика- сынын Өкмөтүнүн Регламенти "Кыргыз Республика- сынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирилген- ден кийин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айтбаев У.Ш. |
(*) Дифференциалдык ыкма - окутуу максаттарына, кептин түрлөрүнө, окутуунун этабына, тилдик материалга жана окугандардын өзгөчөлүктөрүнө жараша окутуунун түрдүү усулдарын жана окутуу ыкмаларын, түрдүү көнүгүүлөрдү пайдалануу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 114 токтомуна 2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун ПРОГРАММАСЫ
| № | Топтор | Окутуунун усулу | Окуу жүктө- мүнүн көлөмү | Окутуучулар | Окутуу мөөнөтү | Оку- туу гра- фиги | Оку- туунун наркы |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун I этабы | |||||||
| 1 | Баштапкы топ | "Тил көпүрө" | 72 саат | Абылкасымо- ва М. | 2013-жылдын 15-мартынан баштап 6-июнуна чейин | Жума- сына 3 саат | Кели- шимге ылайык |
| 2 | Улантуучу топ | "Тилден- дилге" | 72 саат | Төлөкова Э. | 2013-жылдын 15-мартынан баштап 6-июнуна чейин | Жума- сына 3 саат | Кели- шимге ылайык |
| 3 | Тереңдетип окутуу боюнча топ | "Расмий жана көркөм кеп" | 72 саат | Мажитова Р. | 2013-жылдын 15-мартынан баштап 6-июнуна чейин | Жума- сына 3 саат | Кели- шимге ылайык |
| 4 | Иш кагаздарын жүргүзүүгө окутуу боюнча топ | "Иш кагазда- ры" | 24 саат | Солтобаева Р. | 2013-жылдын 15-мартынан баштап 6-майына чейин | Жума- сына 3 саат | Кели- шимге ылайык |
| 5 | Юристтер үчүн топ (кошумча) | "Кыргыз тили юристтер үчүн" | 24 саат | Козубекова Т. | 2013-жылдын 15-мартынан баштап 6-майына чейин | Жума- сына 3 саат | Кели- шимге ылайык |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун II этабы | |||||||
| 6 | Улантуучу топ | "Тилден- дилге" | 72 саат | Төлөкова Э. | 2013-жылдын 19-июнунан баштап 19-сентяб- рына чейин | Жума- сына 3 саат | Кели- шимге ылайык |
| 7 | Тереңдетип окутуу боюнча топ | "Расмий жана көркөм кеп" | 72 саат | Мажитова Р. | 2013-жылдын 19-июнунан баштап 19-сентяб- рына чейин | Жума- сына 3 саат | Кели- шимге ылайык |
| 8 | Иш кагаздарын жүргүзүүгө окутуу боюнча топ | "Иш кагазда- ры" | 24 саат | Солтобаева Р. | 2013-жылдын 19-июнунан баштап 19-сентяб- рына чейин | Жума- сына 3 саат | Кели- шимге ылайык |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун III этабы | |||||||
| 9 | Тереңде- тилген топ | "Расмий жана көркөм кеп" | 72 саат | Мажитова Р. | 2013-жылдын 7-октябры- нан баштап 20-декаб- рына чейин | Жума- сына 3 саат | Кели- шимге ылайык |
| 10 | Иш кагаздарын жүргүзүүнү окуу боюнча топ | "Иш кагазда- ры" | 24 саат | Солтобаева Р. | 2013-жылдын 7-октябры- нан баштап 20-декаб- рына чейин | Жума- сына 3 саат | Кели- шимге ылайык |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук ПрограммасыПрограмма · 02.06.2014 · № 119
- Бешик-Жон айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 22-мартындагы № 3 "Бешик-Жон айылдык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.03.2017 · № 3
- Багыш айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 27-январындагы № 2 (Багыш айылдык кеӊешинин иш кагаздарын жана токтомдорун мамлекеттик тилде гана жазуу жѳнүндѳ) токтомуПостановление · 27.01.2017 · № 2
- Токтогул шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы № 124 "Токтогул шаардык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча" токтомуПостановление · 06.06.2013 · № 124
- Барпы айылдык кеңешинин 2017-жылдын 19-июлундагы № 6/23 "Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздарын малекеттик тилде жүргүзүү боюнча" токтомуПостановление · 19.07.2017 · № 6/23
- Кыз-Көл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 23-октябрындагы № 1 “Кыз-Көл айылдык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө” токтомуПостановление · 29.03.2017 · № 1
- Кара-Дарыя айылдык кеңешинин 2018-жылдын 13-февралындагы №1 "Кара-Дарыя айылдык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзү боюнча" токтомуПостановление · 13.02.2017 · № 1
- Барпы айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №7/19 "Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздарын малекеттик тилде жүргүзүү боюнча" токтомуПостановление · 21.12.2017 · № 7/19
- Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-декабры № 2/5 Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бардык тармак боюнча ишке ашырыла турган негизги иш…Постановление · 13.12.2024 · № 2/5
- С.Атабеков айылдык кеңешинин 2017-жылдын 30-декабрындагы № 1 "С.Атабеков айылдык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча" токтомуПостановление · 30.12.2017 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомуПостановление · 26.05.2016 · № 591-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 114 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды…Постановление · 09.09.2013 · № 497 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 17.07.2023 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 114 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды…Постановление · 09.09.2013 · № 497 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 22-апрели № 370-V ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү…Постановление · 22.04.2011 · № 370-V
- О внесении изменения в Налоговый кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 25.03.2004 · № 49 · Күчүн жоготкон