# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 600
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2013
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15864/edition/1277127/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94190

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-ноябры № 600 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасын талаптагыдай кароону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасы жөнүндө жобо бекитилсин.

2. "Республикалык инкассация башкармасы" мамлекеттик ишканасы бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
