# КР Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы №1064-III "Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы №1064-III "Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1064-III
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2006
- Редакциянын күнү: 26.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15054/edition/1282114/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы №1064-III "Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому (26.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94183

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2006-жылдын 8-июну № 1064-III Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1970-III токтомунун редакциясына ылайык)

Мыйзам долбоорлорун жол-жоболоштурууда мыйзам жазуу техникасынын каражаттарын, эрежелерин жана ыкмаларын пайдаланууда бирдейликти сактоо жолу менен мыйзам актыларынын жогорку сапатын камсыз кылуу максатында, ошондой эле 1996-жылдын 1-июлундагы № 34 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускама бекитилсин (тиркелет).

2. Колдонуудагы мыйзам актыларынын түзүмдүк биримдиктерине шилтеме жасоодо, аларга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүдө же болбосо аларды күчүн жоготту деп табууда ал мыйзам актыларында пайдаланылган түзүмдүк бирдиктердин белгилери колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1970-III токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга кабыл алсын.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1970-III токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

М.Султанов
