# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 "Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 "Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15860/edition/627552/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 "Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (16.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94177

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 18-февралы № 83 Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124 токтомдун редакциясына ылайык) Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тууралыгына мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 124 токтомдун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 "Мамлекет башкаруучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 "Мамлекет башкаруучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы № 590 токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик монополияга каршы органына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
