# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы № 678 "Бишкек ш., Л.Толстой көчөсү, 3 дарегиндеги имараттын бөлүгүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы № 678 "Бишкек ш., Л.Толстой көчөсү, 3 дарегиндеги имараттын бөлүгүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15858/edition/413371/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы № 678 "Бишкек ш., Л.Толстой көчөсү, 3 дарегиндеги имараттын бөлүгүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу" токтому (18.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94175

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 18-февралы № 81 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы № 678 "Бишкек ш., Л.Толстой көчөсү, 3 дарегиндеги имараттын бөлүгүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу

Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдаланууну жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин материалдык-өндүрүштүк базасын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кыргыз минералдык сырьелор институту белгиленген тартипте Бишкек ш., Л.Толстой көчөсү, 3 дареги боюнча жайгашкан, жалпы аянты 575,21 кв.м имараттын бөлүгүн короо ичиндеги чарбалык курулуштары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган имараттын бөлүгүн өз балансына кабыл алсын;

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кыргыз минералдык сырьелор институтуна келишимдик негизде институттун мүлкүн жайгаштыруу үчүн ушул токтомдун 1-пунктунда аталган имараттын бөлүгүндөгү баланска кабыл алынуучу жайды убактылуу пайдаланууга берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы № 678 "Бишкек ш., Л.Толстой көчөсү, 3 дарегиндеги имараттын бөлүгүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
