Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 10 февраля 2016 года № 52 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Плана действий по реализации Резолюции 1325 Совета Безопасности Организации Объединенных Наций о роли женщин в обеспечении мира и безопасности" от 18 февраля 2013 года № 78"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-02-10.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 18-февралы № 78 Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясын ишке ашырууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Иш-аракеттер планын ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун;
- Иш-аракеттер планынын иш-чараларын ишке ашырууну тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына топтомо маалымат берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер ПЛАНЫ
| № | Милдеттер | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
|---|---|---|---|---|
| 1-максат. Чыр-чатактарды алдын алуу боюнча иштерде аялдардын жана кыздардын укуктарын институттук коргоо тутумун түзүү | ||||
| 1.1 | Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын БУУнун ККнын аялдар, тынчтык, коопсуздук жөнүндө резолюциясынын ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ талаптарына ылайык келтирүү | Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына экспертиза жүргүзүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүү Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын БУУнун ККнын аялдар, тынчтык, коопсуздук жөнүндө резолюциясынын ченемдерине ылайык келтирүү маселелери боюнча парламенттик угууларды өткөрүү | 2013-жылдын 1-кварталы 2013-жылдын 2-кварталы | ЖЭИКМ, ЮМ, ЖК Коргоо жана коопсуздук комитети (макулдашуу боюнча) ЖК Коргоо жана коопсуздук комитети (макулдашуу боюнча) |
| 1.2 | Медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана киргизүү ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ | Сексуалдык зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлдери үчүн клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана жайылтуу Медицина кызматкерлерин клиникалык протоколдорду колдонуу маселелерине үйрөтүү | 2013-жылдын 1-кварталы 2013-жылдын 2-кварталы | ССМ ССМ |
| 1.3 | Мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун, ЖКУнун жана эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүү ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ механизмдерин өркүндөтүү ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ | Аялдар, тынчтык, коопсуздук маселелери боюнча парламенттик топту (комитет) түзүү Чыр-чатактуу кырдаалдарда аялдар менен кыздарды зомбулуктан коргоону күчөтүү жана аларды тынчтык орнотуу ишине тартуу максатында КМнын, ӨКМнын, ИИМдин, ССМнын, ЖЭИКМнын жана эл аралык уюмдардын ортосунда меморандум даярдоо жана түзүү Субъекттердин чектерин карталаштыруу (аткарган функциялары жана көрсөткөн кызматтары көз карашында) | 2013-жылдын 1-кварталы 2013-жылдын 1-кварталы 2013-жылдын 2-кварталы | ЖК (макулдашуу боюнча) КМ, ӨКМ, ИИМ, ССМ, ЖЭИКМ ЖЭИКМ |
| 2-максат. Коопсуздук, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар секторунда, анын ичинде чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде аялдардын ролун күчөтүү | ||||
| 2.1 | Коопсуздук, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар секторунда ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ аялдардын ролун жана катышуусун күчөтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | МУККда, КМда, ИИМде, ӨКМде кадрдык иштерге гендердик талдоо жүргүзүү МУККнын, КМнын, ИИМдин, ӨКМдин аял кызматкерлери үчүн гендердик сезгичтикти жогорулатуу жана зомбулуктун курмандыктарына жардам көрсөтүү көндүмдөрүнө ээ болуу боюнча окутуучу семинарларды өткөрүү | 2013-жылдын 2-кварталы 2013-жыл | МУК, КМ, ИИМ, ӨКМ МУКК, КМ, ИИМ, ӨКМ |
| 2.2 | БУУ миссиясына жиберилүүчү тынчтык орнотуучу аялдардын санын көбөйтүү жана алардын потенциалын жогорулатуу ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ | БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүндө аялдардын кызмат өтөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кабардар болууну жогорулатуу максатында биргелешкен маалыматтык өнөктүктү өткөрүү Аялдар - тынчтык орнотуучулар жөнүндө маалыматтар базасын түзүү | 2013-жылдын 2-кварталы 2013-жылдын 4-кварталы | ИИМ, КМ, МУКК ТИМ, ИИМ, КМ, МУКК |
| 3-максат. Чыр-чатактуу кырдаалдарда аялдар менен кыздарга карата зомбулукка келишкис мамиле түзүү | ||||
| 3.1 | Маалыматтык- агартуучулук иштер аркылуу чыр-чатактуу факторлордун көбөйүшүн/ таасирин азайтуу ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ | БУУнун ККнын 1325-резолюциясы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" өнөктүгүн өткөрүү Чыр-чатактуу кырдаалдарда коомчулукта аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка келишкис мамиле түзүү боюнча медиа өнөктүгүн өткөрүү Чыр-чатактуу кырдаалдарда аялдар жана кыздарга карата зомбулукка келишкис мамиле түзүү боюнча соттук-медициналык эксперттер үчүн күч жана укук коргоо органдарында окутуучу семинарларды өткөрүү | 2013-2014- жылдар 2013-2014- жылдар 2013-2014- жылдар | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖЭИКМ, ИИМ, МУКК, ӨКМ ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖЭИКМ, ИИМ, МУКК, ӨКМ МУКК, ИИМ, ССМ |
| 4-максат. Аялдар жана кыздар үчүн коопсуз чөйрө түзүү жана аны колдоо | ||||
| 4.1 | Коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу боюнча ЖӨБОнун, мамлекеттик органдардын, ЖКУнун иштерин активдештирүү ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ | Республиканын түштүгүндө жана түндүгүндө зомбулуктун курмандыктары үчүн (бирден) башпаанек/шелтер түзүү Зомбулуктун курмандыктарына алгачкы жардам көрсөтүү жана аларды андан ары реабилитациялоо боюнча апробацияланган тутумдун моделдерин жергиликтүү деңгээлде кеңири жайылтуу | 2014-жылдын 1-кварталы 2013-2014- жылдар | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖЭИКМ, ӨКМ, ССМ ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖЭИКМ, ИИМ, ССМ |
| 4.2 | Калкка жана стейкхолдерлерге маалымат берүү жана аларды окутуу ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ | "Аялдар коопсуз дүйнөдө" веб-сайтын түзүү, колдоо, башкаруу Психикалык саламаттыкты жана сексуалдык репродуктивдик саламаттыкты сактоо маселелери боюнча медицина адистери жана калк үчүн маалыматтык-билим берүү материалдарын (МБМ) иштеп чыгуу | 2013-жылдын 4-кварталы 2013-2014- жылдар | ЖЭИКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) ССМ |
| 4.3 | Шашылыш чара көрүү боюнча ӨКМнын, КМнын, МУТСКнын, ИИМдин, ССМдин иш-аракеттер пландарына комплекстүү ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ гендерлик мамилени киргизүү | Шашылыш учурларда чара көрүү жөнүндө болгон номенклатураларга, стандарттарга, жоболорго гендерлик экспертиза жүргүзүү Экспертизанын жыйынтыгы боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2013-жылдын 3-кварталы 2013-жылдын 4-кварталы | ӨКМ, КМ, МУКК, ИИМ, ССМ ӨКМ, КМ, МУКК, ИИМ, ССМ |
| 5-максат. Чыр-чатактуу шарттарда аялдарды жана кыздарды коргоону эске алуу менен чара көрүүчү субъекттердин даярдыгын күчөтүү | ||||
| 5.1 | Аялдарга зомбулук көрсөтүү менен байланышкан ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ учурларды документтештирүү- гө соттук- медициналык эксперттерди жана ИИМдин тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутуу | Окутуучу семинарларды өткөрүү ИИМдин Академиясынын, КММАнын, КММКДКЖИнин окуу программаларына аялдарга зомбулук көрсөтүү менен байланышкан учурларды документтештирүү тартибин регламенттештирүүчү маселелерди киргизүү | 2013-2014- жылдар 2013-жылдын 4-кварталы | ӨКМ ИИМ, ССМ |
| 5.2 | Чыр-чатактуу шарттарда сот акыйкаты тутумунун даярдыгын камсыз кылуу ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ | Соттор үчүн "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" окутуу программасын иштеп чыгуу Соттор үчүн семинарларды өткөрүү | 2014-жылдын 2-кварталы 2013-2014- жылдар | Жогорку сот (макулдашуу боюнча), ЖЭИКМ Жогорку сот (макулдашуу боюнча), ЖЭИКМ |
| 5.3 | Аялдарга жана кыздарга психологиялык жардам көрсөтүү ├────────────────────┼───────────┼──────────────┤ | Чыр-чатактуу шарттарда аялдарга жана кыздарга шашылыш психологиялык жардам көрсөтүү боюнча мобилдик бригада жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу Ушул жааттагы адистердин маалымат базасын түзүү | 2013-жылдын 3-кварталы 2014-жылдын 1-кварталы | ССМ, ӨКМ ССМ, ӨКМ |
Кыскартуулардын тизмеси: ЮМ - Юстиция министрлиги ЖК - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ЖЭИКМ - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги МУКК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздуктун комитети КМ - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ӨКМ - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ЖКУ - Жарандык коом уюму ЖӨБО - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары БУУ КК - Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши КММКДКЖИ - Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту Жогорку сот - Кыргыз Республикасынын Жогорку соту
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-январындагы № 14-б (Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин…Распоряжение · 22.01.2014 · № 14-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 78 "Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана…Постановление · 10.02.2016 · № 52
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 560-б (Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы аялдардын ролу жөнүндө…Распоряжение · 17.11.2015 · № 560-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 10 февралындагы № 52 токтомуПостановление · 10.02.2016 · № 52