Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 декабря 2015 года № 819 "О Государственном агентстве по делам молодежи, физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-12-02.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 819 токтомуна ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 8-апрели № 177 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Аткаруу бийлиги органдарынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин функцияларынын кайталануусун болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
5-пункттун 1-пунктчасынын үчүнчү-бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасында:
"Аламүдүн райондук № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр жана цифра "Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын; "Чүй райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр "Чүй районунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Панфилов райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр "Чүй облусунун Панфилов районунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Жайыл райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр "Жайыл балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Жайыл райондук № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр жана цифра "Жайыл № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын; "балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби" деген сөздөрдөн мурда "Тайлак-Баатыр атындагы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 12-апрелинде № 28 жарыяланды
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 125 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 819 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.