# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 174 "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 174 "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 174
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15850/edition/425706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 174 "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (05.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94167

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 5-апрели № 174 "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
