Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган «Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү» экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 5-апрели № 174 "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө финансылык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-майындагы № 3092-V "2012-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүүнүн жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн" экинчи…Постановление · 16.05.2013 · № 3092-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-майындагы №3093-V "2012-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик билим берүүнүн жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн" экинчи…Постановление · 16.05.2013 · № 3093-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-майындагы № 3094-V "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2012-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында кол коюлган "Кесиптик…Постановление · 16.05.2013 · № 3094-V
Шилтеме берет (3)
- 2013-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу" долбоорун каржылоо…Закон · 12.07.2013 · № 136
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон