# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 167 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 167 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15843/edition/1144334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 167 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө" токтому (02.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94160

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 2-апрели № 167 2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине бекитилген квотанын чегинде 2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек квотасын кайра бөлүштүрүү укугу берилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 5-апрелинде № 26 жарыяланды

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 167 токтомуна тиркеме

2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына КВОТА

| Региондор ├────────┬──────┬──────────┬────────┬──────┬───────┬───────┤ | Экономика тармактары (кишинин саны) Өнөр жай жана куру- луш | Айыл жана токой чарба, кайра иште- түү өнөр жайы | Транспорт, коммуни- кация, геология- лык чалгындоо жана кен казуу өнөр жайы | Соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, коомдук тамакта- нуу жана башка экономи- калык иш | Сала- маттык сактоо билим берүү, илим, мада- ният жана искус- ство | Насыя берүү, банк сек- тору, кам- сыздан- дыруу | Жыйын- тыгы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Баткен облусу | 150 | 40 | 150 | 20 | 10 | 10 | 380 |
| Жалал-Абад облусу | 1740 | 50 | 400 | 50 | 50 | 10 | 2300 |
| Ысык-Көл облусу | 10 | 8 | 213 | 4 | 10 | 5 | 250 |
| Нарын облусу | 87 | 10 | 230 | 8 | 20 | 5 | 360 |
| Ош облусу | 400 | 20 | 170 | 1280 | 10 | 30 | 1910 |
| Талас облусу | 140 | 45 | 40 | 20 | 20 | 5 | 270 |
| Чүй облусу | 670 | 50 | 350 | 250 | 120 | 35 | 1475 |
| Бишкек шаары | 1440 | 50 | 230 | 2540 | 510 | 350 | 5120 |
| Ош шаары | 355 | 10 | 120 | 150 | 190 | 100 | 925 |
| Республика боюнча бардыгы | 4992 | 283 | 1903 | 4322 | 940 | 550 | 12990 |
