Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-04-02.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 2-апрели № 167 2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине бекитилген квотанын чегинде 2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек квотасын кайра бөлүштүрүү укугу берилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 5-апрелинде № 26 жарыяланды
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 167 токтомуна тиркеме
2013-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына КВОТА
| Региондор ├────────┬──────┬──────────┬────────┬──────┬───────┬───────┤ | Экономика тармактары (кишинин саны) Өнөр жай жана куру- луш | Айыл жана токой чарба, кайра иште- түү өнөр жайы | Транспорт, коммуни- кация, геология- лык чалгындоо жана кен казуу өнөр жайы | Соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, коомдук тамакта- нуу жана башка экономи- калык иш | Сала- маттык сактоо билим берүү, илим, мада- ният жана искус- ство | Насыя берүү, банк сек- тору, кам- сыздан- дыруу | Жыйын- тыгы |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Баткен облусу | 150 | 40 | 150 | 20 | 10 | 10 | 380 |
| Жалал-Абад облусу | 1740 | 50 | 400 | 50 | 50 | 10 | 2300 |
| Ысык-Көл облусу | 10 | 8 | 213 | 4 | 10 | 5 | 250 |
| Нарын облусу | 87 | 10 | 230 | 8 | 20 | 5 | 360 |
| Ош облусу | 400 | 20 | 170 | 1280 | 10 | 30 | 1910 |
| Талас облусу | 140 | 45 | 40 | 20 | 20 | 5 | 270 |
| Чүй облусу | 670 | 50 | 350 | 250 | 120 | 35 | 1475 |
| Бишкек шаары | 1440 | 50 | 230 | 2540 | 510 | 350 | 5120 |
| Ош шаары | 355 | 10 | 120 | 150 | 190 | 100 | 925 |
| Республика боюнча бардыгы | 4992 | 283 | 1903 | 4322 | 940 | 550 | 12990 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөЗакон · 13.01.2006 · № 4
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9