Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 августа 2024 года № 485 "Об утверждении Правил составления, подачи и рассмотрения заявки на выдачу патента на изобретение, Правил составления, подачи и рассмотрения заявки на выдачу патента на промышленный образец, Правил составления, подачи и рассмотрения заявки на выдачу патента на полезную модель"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-08-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 1-апрели № 163 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523, 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 , 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартибин, Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринин 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.2. Ойлоп табуулар деп таанылбаган сунуштар
Төмөнкүлөр ойлоп табуулар деп таанылбайт:
- ачылыштар;
- илимий теориялар жана математикалык методдор;
- чарбаны уюштуруу жана башкаруу методдору;
- шарттуу белгилер, ырааттамалар, эрежелер;
- акыл-эс операцияларын аткаруу, оюндарды өткөрүү эрежелери жана методдору;
- эсептөө машиналары үчүн алгоритмдер жана программалар турган турпатында;
- маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
- курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландаштыруу долбоорлору жана схемалары;
- эстетикалык муктаждыктарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү чечимдер;
- интегралдык микросхемалардын топологиялары;
- өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын породалары;
- коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карты келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү чечимдер.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринин 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.2. Пайдалуу модель болуп таанылбаган сунуштар
пайдалуу модель катарында төмөнкүлөр корголбойт:
- ачылыштар;
- илимий теориялар жана математикалык методдор;
- чарбаны уюштуруу жана башкаруу методдору;
- шарттуу белгилер, ырааттамалар, эрежелер;
- акыл-эс операцияларын аткаруу, оюндарды өткөрүү эрежелери жана методдору;
- эсептөө машиналары үчүн алгоритмдер жана программалар турган турпатында;
- маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
- курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландаштыруу долбоорлору жана схемалары;
- эстетикалык муктаждыктарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү чечимдер;
- интегралдык микросхемалардын топологиялары;
- өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын породалары;
- коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге каршы келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү чечимдер.".
4. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 5-апрелинде № 26 жарыяланды
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 6
Цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө…Постановление · 03.10.2016 · № 523
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.02.2017 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө…Постановление · 22.08.2024 · № 485
- КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №118 "Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө…Постановление · 09.07.2010 · № 118 · Күчүн жоготкон
- Положение о пошлинах за патентование изобретений, полезных моделей, промышленных образцов, регистрацию товарных знаков, знаков обслуживания, наименований мест происхождения…Положение · 12.06.1998 · № 346 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 июня 1998 года №346 "Об утверждении Положения о пошлинах за патентование изобретений, полезных моделей, промышленных образцов, регистрацию…Постановление · 12.06.1998 · № 346 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 "Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук…Постановление · 04.10.2019 · № 519 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуПостановление · 03.10.2016 · № 523
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө…Постановление · 03.10.2016 · № 523
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.02.2017 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө…Постановление · 22.08.2024 · № 485
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы №685 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартибин, Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды…Постановление · 27.10.2011 · № 685 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 "Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук…Постановление · 04.10.2019 · № 519 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Патент мыйзамыЗакон · 14.01.1998 · № 8 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери боюнча" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 131 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы №685 токтому менен бекитилген "Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун" ЭРЕЖЕЛЕРИПравила · 27.10.2011 · № 685 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы №685 "Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун" ЭРЕЖЕЛЕРИПравила · 27.10.2011 · № 685 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы №685 токтому менен бекитилген "Өнөр жай үлгүсүнө патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун" ЭРЕЖЕЛЕРИПравила · 27.10.2011 · № 685 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы №685 токтому менен бекитилген "Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун" ЭРЕЖЕЛЕРИПравила · 27.10.2011 · № 685 · Күчүн жоготкон