# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 10 "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 10 "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15835/edition/1159631/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 10 "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94151

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 29-марты № 159 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 10 "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу 2013-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана кайра иштетүү секторун андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 10 "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункттун экинчи абзацы "коммерциялык банктар" деген сөздөрдөн кийин "жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелер" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунда:

бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "коммерциялык банктар" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдө "жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелер" деген сөздөр менен толукталсын; тогузунчу абзац "банктар" деген сөздөн кийин "жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелер" деген сөздөр менен толукталсын; "Тобокелдиктер жана коркунучтар" бөлүмүнүн 5-пунктунун төртүнчү абзацы "Банктар" деген сөздөн кийин "жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелер" деген сөздөр менен толукталсын; "Максаттуу пайдалануу мониторинги" бөлүмүнүн үчүнчү абзацы "алгандан кийин" деген сөздөрдөн кийин "банктын жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелердин" деген сөздөр менен толукталсын; "Максаттуу пайдалануу мониторинги" бөлүмүнүн төртүнчү абзацындагы "Айыл чарба өндүрүүчүлөрү банкка" деген сөздөрдөн кийин "жана адистештирилген финансылык-насыялык мекемелерге" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 2-апрелинде № 25 жарыяланды

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
